Элмира Акматова жергиликтүү оюнчук дүкөндүн ээси. Оюнчуктарды туура тандоо маселеде дүкөнчүгө балдары жардам берет. Анын үч баласы бар: уулу-Элес, эки кызы -Гулина, Элина.
Кеминде он жыл мурун. Элес бир жылга толгондон кийин Эльмира кошкон жары Жапар менен Россияга кетүнү чечишкен. Москвада ал официантка болуп иштесе, күйөөсү курулуш бригадасында эмгектенген.
Куйөөсүнүн алган эмгек акысын ата-энесине жиберишсе, Элмиранын-эмгек акысын тамак ашка,жатаканага, кийим-кечеге жумжашкан. Бир жылдан кийим үйүнө кайтып келишкен. Бул жерде Жапар жон жүрбөй, ал шаарчадасы куруу жумуштарына иштеп жүрдү, Элмира болсо үй тиргилиги менен алек болгон.
Кийин алардын үй-бүлосүү көбөйдү: биринин аркасынан бири эки татынакой кыздар төрөлдү,ошондуктан күйөөсүнүн тапкан акчасы жетишпей баштады. Анан Элмира Таш-Көмүрлүк туугандарына караштуу имараттан бир бөлмонү алууга жардам сурап, ал жерди оюнчук дүкөн ачууну чечти. Өзүнүн ойлорун күйөөсү Жапар менен болүшөт, ал Элмираны колдойт. Мындай чечимден кийин ал үй-булөсү менен Таш-Көмүргө убактылуу көчүп келишет.
Чакан кредит алып Элмира Кара-Суу, Бишкек, Жалал-Абад шаарларына барып оюнчуктарды сатып алып келип дүкөнүн толтурат. Ошентип дүкөн иштей баштады. Азыркы күндө бул дүкөндө бир гана оюнчуктар менен чектелбестен бул жерде бешиктен баштап балдардын байпакына чейин сатылат.
Элмира өзүнүн дукөнүн Таш-Көмүр шаарында ачууну чечим кылган, анткени Кызыл-Жар -12 шарчасында бир нече оюнчук дүкөндөрү бар. Ал жерде киреше азыраак болуп, адамдардын, жашоо шартына байланыштуу оюнчуктар дайыма эле отө бербейт. Жакшы кереше майрам күндөрүндө байкалат, мисалы: 9-Майда,Ноорузда, Жаңы жылда, Эгеменүүлүк күнүндө.
Келечекте Элмира дүкөнүн чоңойтууну пландаштырып жатат. Оюнчуктар менен бирге ал шаардын тургундарына шейшептерди , жаздыктарды, төшөктөрдү сунуштагынга аракеттенип жатат.
Элмиранын негизги эрежелери-татыктуу жашоо үчүн көп окуп, көп эмгектениш керек, бир жерде отуруп эле,өзүнүн кыйынчылыртарына арызданбай изденүү керек, ошондо гана ойлоруң, максаттарың ишке ашат.
Авторлору: Элина Абдыраманова