Жаз келери менен эле элет жеринде ичүүчү таза суу көйгөйү жарала баштайт. Ошону менен кошо таштанды, бала бакча, оорукана көйгөйлөрү да четтен чыгат.
Барскоон айыл аймагынын таштанды таштоочу жайы бир топ жыл мурун тегереги тосулуп курчалган. Бирок эскилиги жетип калгандыктан тосулган тосмолордун көпчүлүк жери сынып калган. Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Бакыт Асановдун маалыматына караганда жакынкы аралыкта тегереги толугу менен курчалып дарбаза орнотулат. Ал эми күз айларында тамчылатып сугаруу жолу менен тегерегине тал-теректердин көчөттөрү отургузулат.
Гүлкайыр Осмоналиева