Ханнс Зайдель фондунун колдоосу менен 2022-жылдын 6-7 май күндөрү Лейлек району боюнча жаш ишкер аялдарга “Ишкердиктин негиздери” деген темада кичи-тренинг болуп өттү. 35 ашуун жеке ишкер аялдардын катышуусу менен өткөн иш чараны Лейлек районунун акиминин орун басары Каримбердиева Максатай Мамытбековна ачып, алып барды.
“Жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн кеп-кеңеш сурап, жол-жобосун сурап, усулдук жактан колдоого муктаж болгон жаш жеке ишкер кыз-келиндер бизге көп кайрылып жаткандыктан, бул тармакта чоң тажрыйбасы бар, ишкердикти өнүктүрүү боюнча бизнес-консультант, BOOST долбоорунун Баткен облусу боюнча координатору Бакытбек Сапаркулов менен макулдашып, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын инвестиция залында кичи-тренинг уюштурдук. Алдын ала 30 ишкер кыз-келиндерди чакырдык эле, иш жүзүндө 36 катышуучу болду. Негизгиси катышуучулар өтө ыраазы болуп кетишти”, — деп маалымат берди Лейлек районунун акиминин орун басары Максатай Каримбердиева.
“Кичи-тренинг жөнүндө маалыматты ишкер аялдардын ватсапп группасынан окуп калдым. Дароо катталып, кичи-тренингге катыштым. Тренинг мен күткөндөн да жакшы болду. Кичи бизнесимди өркүндөтүүгө зарыл болгон маалыматтарды алдым”,-дейт тренингдин катышуучусу Гүлүмкан Орозбаева.
“Кичи-тренинг Лейлек районунун акиминин орун басары Каримбердиева Максатай Мамытбековнанын сунушу менен уюштурулду. Кичи-тренингди Ханнс Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгү колдоп берди. 30 кишиге план кылып уюштурдук эле, 36 киши катышты”- дейт Ханнс Зайдель Фондунун стипендианттык программасынын магистратурасынын бүтүрүүчүсү, кичи-тренингдин уюштуруучусу Бакытбек Сапаркулов.
Мусуратилла Исканов