А.Сопиев атындагы №19 Тасма мектебинин 1- классын аяктап жаткан окуучулардын «Кош алиппем» аттуу майрам болуп өттү. Майрам жыл сайын жаз айында белгиленип келет.
«Бала тили бал» дегендей, 8 ай мурда эле эч нерседен капарсыз жүргөн бөбөктөр ушул убакытта кадыресе көп нерсени үйрөнүп калышкан. Бүгүн алар үйрөнүшкөн ырларын, бийлерин көргөзүшүп келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.
Бүгүнкү майрамдын коногу Айсалкын Байгашкаева небересин көрүп толкунданганын жашырган жок.
«Бүгүнкү майрам жогорку денгээлде өттү. Эмне дегенде балдарыбыз тыкандыкка, өзүн-өзү алып жүрүүгө, окуучулук эрежени толук сактоого үйрөнүшүптүр. Баардык материалдарды так, туура айтканга жетишишиптир. Эжейи да абдан аракет кылыптыр ишине ийгилик. Менин өзүмдүн балам ушунчалык эрке, көп сөздөдгө тили да жакшы келбечү. Мен ушунчалык денгээлге жетет деп деле ойлобоптурмун. Мына бүгүн берилген тапшырманы так аткарып ушундай ырларды айтып, бийлеп жаткснына мен кубанып турам»,- деп билдирди Айсалкын Байгашкаева.
Мугалимдик кесип ары ардактуу, ары татаал кесип эмеспи ушундай кесипти аркалаган Айнура Кайкиева бүгүн окуучулар ата- энелерине ушул убакка чейин үйрөнгөндөрүн тартуулашты:
Бүгүн окуучулар үйрөнгөн ырларын, жаңылмачтарын, макал-лакаптарды, жомокторду аткарып беришти. Алар биринчи жолу сахнага чыгышып өнөрлөрүн тартуулашты. Ата-энелерин кубандырышты, мен дагы бүгүн аларды көрүп толкундандым», — деп билдирди 1- классынын мугалими Айнура Кайкиева.
Бүгүн 1-класстын окуучуларына каалоо-тилектер айтылды, ошолордун баардыгы кабыл болушун каалайбыз. Жаш бөбөктөрдүн бүгүнкүдөй майрамы ар дайым болуп турсун!
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова