Жарактан чыгып калган мечитти бала бакча кылып оңдошууда. Бул демилгени Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Амангазиев Талант Турусбекович көтөргөн.
Кабарчыбыз Калида Кубанычбекова бала бакчанын куруу иштери жөнүндө ”Алтын муун наристе” бала бакчасынын директору Сатылганова Нургул Жалкыбаевнадан билип келген:
“Бала бакчаны куруу үчүн мамлекет тарабынан 3 млн сом бөлүндү. Буюрса күзүндө иштей баштайбыз, ошондуктан тынымсыз эмгектенүүдөбүз. Азырынча жергиликтүү бюджеттен 623миң бөлүнүп, куруу иштери башталды. Буюрса балдар менен чогуу иштешебиз.”
Бул бала бакчанын ачылышын көп күткөн ата- энелер көз карашы түз экенин айтышып, чексиз кубангандарын жашырышкан жок:
“Бала бакчанын курулуп жаткандыгы бизди кубандырат. Буюрса ичинде бардык шарттары болот деген ишеничтебиз. Бала бакчаны курууга салым кошкон бардык жетекчилерге ыраазыбыз.”
“Балдар биздин келечегибиз” демекчи бала бакчанын ачылышы жакшы саамалык. Буюрса келечекте көптү үмүттөндүргөн балдар ушул бала бакчадан тарбияланып чыгат деген ойдобуз.
Даярдагандар: Алина Калыйнурова, Калида Кубанычбекова