Түп районуна караштуу Тасма айылында ашпозчулук кесиби боюнча окуу жүрүүдө. Окуу 7-июнда башталып, азыркы тапта окуучулар практикалык иштерди аткарып жатышат.
Курска жеке эле мектеп окуучулары эле эмес, айыл тургундары дагы катышып жатышат. Окуунун баасы 3000 сомду түзөт. Азыркы тапта 15 адам билим алып жатат.
Окуунун уюштуруучу менеджери Махабат Сарыбаеванын айтымында, курс окуучулар үчүн да, айыл тургундары үчүн да жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат. Себеби шаардан окушса жолго акча кетип, көп чыгымга учурап калышы мүмкүн.
“Сопиев мектебиндеги ашпозчунун окуусуна 15 бала окуп жатышат. Тамактардын, салаттардын түрлөрүн үйрөнүп жатышат. Бир жарым айлык окуу. Азыр көп нерселерди үйрөнүп калышты. Бул жерден керектүү азыктардын баарын өзүлөрү алып келип үйрөтүп жатышат. Көбүнчө эркек балдар окуп жатышат, балдар негизи көп нерсени билбейт. Окуу башталганына эки жума болду, бул аралыкта эркек балдар жакшы үйрөнүп калышты”, — деп айтып өттү ал.
Билим берип жаткан мугалими Азим Бейшенаалы уулунун билдирүүсүндө, окуучулар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
“Бир айлык окуу болгондуктан орозо убагына туураладык. Анткени орозо бүткөнгө чейин үйдө жумуш аз болот, ошол убакта сертифкат алып алсын дедик. Жайында каалаган убакта иштей берсе болот. Окуу көбүнчө практика жүзүндө өткөзүлүүдө”, –деди Бейшенаалы уулу.
Ал эми курста билим алып жаткан Элдияр Эламановдун айтуусунда, практикалык иштер көп болгондуктан тамактарды жасоону тез үйрөнүп жатат.
“Окуудан азыр көптөгөн тамак-аштарды жасоонун жолун үйрөнүп жатабыз. Практика жүзүндө болсо бат эле үйрөнүп алат экенсиң. Бул окуунун келечеке таасири бар деп ойлойм, себеби сертифкат да берилет. Сертифкат менен жумушка кирип иштей берсең болот”, — деди Элдияр.
Даярдаган: Нуржанат Советбек кызы
“Конкурс үчүн”