Токтогул районунда 2016-жылдын апрель айында менталдык арифметика курсу ачылган. Курс ачылгандан бери окуучулар олимпиададан жакшы орундарга ээ болуп келүүдө.
Бишкек шаарында 3-июнь күнү болуп өткөн республикалык деңгээлдеги олимпиадада Токтогул районунун мектеп окуучусу Элназ Кыштообаева Түркиянын Анталия шаарында өтө турган таймашка жолдомо алды.
Менталдык арифметика — бул оозеки эсептөө системасынын негизинде түзүлгөн инновациялык, жогорку эффективдүү интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрдү жогорулатуу курсу.
Менталдык арифметиканын негизги принциби болуп баш мээдеги эки жарым шаарчанын бир убакта иштеши эсептелет.
Менталдык арифметика сабактары балдардын төмөнкү жөндөмдүүлүктөрүн өстүрөт:
Токтогулдагы менталдык арифметика курсунун окутуучусу Гулиза Жүндүбаева курска катышуунун баасы айына 2000 миң сом экендигин айтат.
— Быйыл эл аралык деңгээлдеги олимпиада 3-июнда өттү. Бул жолкусу абдан жакшы болду, жакшы ийгиликтерге жетишип келдик. 1-2-орунду алдык. Биринчи орунду Мүлкүбат атындагы орто мектебинен Элназ Кыштообаева алып, Анталияга жолдомо алды. Экинчи орунду Нургазы Биримкулов атындагы гимназия мектебинен Чынтемирова Айпери алып Ысык-Көлгө он кундүк эс алуу жолдомосун утуп алды. Төртүнчү орунга финалист деген номинацияда Биримкулов гимназия мектебинен Алтымыш кызы Бермет ээ болду. Андан сырткары Мүлкүбат мектебинен Мээримбек Анарбеков «Таланттуу абакус» деген номинацияга ээ болду. Бул баланын аткарган номери экрандан көрүнгөн эсептерди күзгүдөн көрүп, тетирисинен чыгарып берүү менен элди кызыктыра алды. Бул алгач Жапоняда, Кытайда пайда болгон. Азыркы убакта 60тан ашуун өлкөдө бул методика колдонуп ишин алып барып келүүдө. Акча төлөө контрактык негизде болот. Окуучулардын төлөгөн контракты окуучулардын өзүлөрүнүн форма, китеп, куралдары жана башкаларын каржылоого кетет. Бул курска алты жаштан 16 жашка чейинки курактагы окуучулар катыша алышат.
Менталдык арифметика курсуна эки кызын катыштырып, кыздарынын жетишкен ийгиликтерин көрүп сүйүнгөн Айгүл Ондошова төмөнкүлөргө токтолду:
— Бул курска менин Роза жана Жибек аттуу эки кызым катышат. Роза 7 жашта, Жибек 8 жашта. Бул курс мага жакты. Баланын аң сезимин эң жогорку дэңгээлде өстүрөт экен. Жакында республикалык дэңгээлде болуп өткөн олимпиадада улуу кызым Жибек 6-орунду багындырып кайтты. Кыздарымдын аракети күч, мен булардын келечегинен көп нерсени күтөм.
14 жаштагы Элназ Кыштообаева олимпиядадан 1-орунду алып, бирок Анталияга барбай калганын айтат:
— Мени бул менталдык арифметика курсу көп пайдалуу жактарга жетеледи. Логикамдын иштеши мурдагыга караганда бир топ жогорулады. Буга чейин деле олимпиадаларда алдыңкы орундарга илинип келгем. Быйылкы болгон республикалык олимпиадада биринчи орун болуп, Анталияда өтө турган олимпиадага жолдомо жана Ысык-Көлгө он күндүк эс алуу жолдомосун утуп алгам. Бирок шартка байланыштуу Анталияга каражат аз болгондуктан бара албай калдым. Менин биринчи орун болгонум деле районого, айыл өкмөтүнө угулган болуш керек. Бирок алардан эч кандай жардам деле болгон жок. Ал жакка барганда кирүү акысы, жатаканасы, тамак ашы, жол киреси болуп баарын эсептегенде 100 миң сомдон ашкан акча болот экен. Ата-энем, окуткан эжекем болуп чогуу чечишип барбай турган болдум. Ал эми Ысык-Көлгө барам. Бул курс мага жагат. Баасы мага туура эле келет.
Даярдаган: Бурулсун Уланбек кызы
Сынак үчүн