Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл Тасма айылында кар эрте түшүүдө деп билдиришет айыл тургундары. Тасмада биринчи кар 26-октябрь күнү жааган. Ал эми экинчи кар 17-ноябрга караган түнү жаады.
Айыл тургуну Кадыш Кадыковдун билдирүүсүндө, биринчи кар кете электе экинчи кар жаап жатат.
«Биринчи кар негизи эрте жааган. Ал кар кете электе экинчи кар жаап жатат. Бирок түшүмдөрдү жыйнап кышка көмүр, отун дайындап малдын чөптөрүн дайындап койгонбуз», — дейт ал.

Ал эми Тасма айылынын ооруканасынын дарыгери Айгүл Саадабаеванын кыштын эрте түшүүсү көйгөй деле болгон жок дейт.
«Бүгүн да кар аябай жаап жатат. Ошентсе да кышка дайынданып койгонбуз. Өкмөт да көмүрдү убагында берген, көйгөй деле жок», — деп айтып өттү ал.

Мектеп окуучусу Айдана Нурбекова «мектепте жылуу окуп жатабыз, себеби быйыл мектептин терезелери пластик болгон» деп айтып өттү.
Даярдаган: Гүлбайра Кубаныч кызы
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн