Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоо жана референдумга карата даярдыктар жүрүүдө. Бул боюнча Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында даярдыктардын жүрүшү боюнча айыл өкмөттүн кызматкери Абдираим Жороев менен маек курдук.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңешти шайлоо жана элдик реферундумга добуш берүү 2016-жылдын 11-декабрында өтөт. Ал эми жергиликтүү кеңешке талапкерлерди кабыл алуу 20-ноябрга чейин болот.
Сумбула айыл өкмөтүнүн кызматкери Абдираим Жороев менен даярдыктар кандай жүрүп жатканы боюнча маектештик.
— Жергиликтүү кеңешке жана элдик референдумга даярдык Сумбула айыл өкмөтүндө да кызуу даярдык жүрүүдө. Ар бир участкалык шайлоо комиссиялары менен биз тыгыз иштөөдөбүз. Учурда шайлоочулардын тизмесин тактоо, шайлоо участкасын даярдоо боюнча иштер алып барылууда.
Андарак айылы боюнча жергиликтүү кеңешке сегиз киши көрсөтүлгөн:
Ушул сегиз киши Андарак айылы боюнча жергиликтүү кеңешке көрсөтүлгөн. Андарак айылында 11-декабрь күнү 8028-участкасында жергиликтүү кеңешти шайлоо жана реферундумга добуш берүү өтөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча акыркы референдум 2010-жылдын 27-июнунда өткөн.
Даярдаган: Гулина Суеркул кызы
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн