Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында «Гендердик теңчиликти Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу» максатында тренинг өттү. Тренер Гүлназ Жумагулова өзү окуп келген окуунун негизинде айылдагы кожойке айымдарга тренинг өткөздү.
Тренингге жалпысынан 15 айым катышып, жакшы өткөндүгүн айтышат.
Айыл тургуну, Чынара Мааданбекова тренингден көп нерселерди биле алдым деп төмөндөгүлөрдү баяндайт.
«Бүгүнкү өткөзүлүп жаткан тренинг жогорку деңгээлде өттү деп айта алам. Себеби ушул тренингди өтүүдө тренер бардык усулдарды колдоно билди. Тренингди кызыктуу өткөздү. Слайддар менен ар кандай оюндар менен ойноп бир сыйра жыргап да алдык. Ошондой эле билбегендеримди тереңдетип үйрөнө алдым»,- деп билдирет.
Тренер Гүлназ Жумагулованын айтымында тренингге жалпысынан 15 айым катышты жана тренинг өз максатына жетти деп айтат.
«Тренингдин максаты «Гендердик теңчиликти Жааматтык жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу».Тренингдин катышуучу айымдар абдан көп маалыматтарга ээ болушту. Биздин тренинг аялдардын гана көйгөйүн изилдебестен эркектердин дагы маселесин изилдейт. Ошондой эле өнүгүүгө алып келе турган маалыматтарды ала алышты. Гендердик тенчиликте чоңойгон уул, кыздарыбыз келечекте бактылуу үй-бүлө, стабилдүү коом, күчтүү мамлекет болмокчу. Тренингге катышкан апалар, эжелер, сиңдилер кубануу менен тренингдин жакшы өткөнүн айтышты. Жалпысынан тренинг өз максатына жетти деп ойлойм.»
Марина Айдарова бүгүнкү болгон тренинг жогорку деңгээлде өтүп жатат. Билбеген маалыматтарды өзүбүзгө тиешелүү суроолорубузга жооп ала алдым. Бардык эле үй бүлө менен мамлекеттин кандайдыр бир байланышы бар экенин, балдар менен үй-бүлөбүздүн кандай байланыштар бар экенин билдим деп билдирди.
Даярдаган: Аяна Айбек кызы, Асель Мамытова