14-март куну Жерге-тал айылынын Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинде Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, акимдин орун басары Роза Ражаевна, Нарын облустук прокурору Бактыбек Кыдырмышович, Нарын райондук прокурору Касымбеков Таалайбек, Нарын райондук окуу бөлʏмʏнʏн башчысы Болотбек Белековдун катышуусунда чоң жыйын болуп өттʏ.
Жыйынга ата-энелер жана жогорку класстын окуучулары катышты. Күн тартибинде зордук зомбулукту, өспʏрʏмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу Район акими тѳмѳнкүлѳргѳ токтолду:
«Азыркы учурда коомдо зордук зомбулук, кылмыштуулук олуттуу маселе болуп жатат.. 2016-2017 –жылдары ѳкмѳт тарабынан бардык мекемелер, жетекчилер жана коомчулуктун катышусунда иш алып баруу боюнча токтом кабыл алынган. Ошонун негизинде зордук зомбулукту алдын алуу максатында профилактикалык иштер жүргүзүлүүдѳ. Биз бардык аймактарга барууну пландап атабыз.»
Андан соң акимдин орун басары Роза Ражаевнага кайрылганыбызда буга чейин кылмыштуулукту алдын алуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп келгенин айта кетти:
«Биз бир гана аймакты тандап алып иш алып барбастан, ар бир мектептин окуучулары менен тыгыз байланыштабыз. Жакында эле түтүнмѳ-түтүн үйлѳрдү кыдырып мигранттардын санын тактап, социалдык абалга байкоо жүргүздүк.»
Жыйында Нарын райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы Болотбек Белековго сѳз берилип, ѳз оюн билдирип кетти:
«Жаш ѳспүрүмдѳр арасында кылмыштуулук, суицид кѳп кездешип жатат. Сиздерге айтаарым ушундай иштерге баруудан алыс болуңуздар. Эң негизгиси билим алуу. Балдарды тарбиялоодо баарыбыз жооптуубуз. Ошондуктан жоопкерчилик менен мамиле кылып, келечегин бирге түзүп берели!»
Мындан соң Нарын облустук прокуратурасынан даярдалган баяндаманы Касымбеков окуп берип, Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы беренелер, кодекстер боюнча түшүндүрмѳ берип ѳттү.
Жыйындын аягы суроо –жооп иретинде ѳтүп, айыл тургундары жана окуучулар кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты жана ыраазычылыктарын билдиришти.
Даярдагандар: Сейит кызы Акылай, Акинова Бактыгуль