Айыл тургундары негизги негизги иши мал-чарбачылыгы болгондуктан, ар бир үйдө мал көйгөйү кездешүүдө. Өткөн жылы кургакчылык болуп тоют толугу менен камсыз болбогондон айыл тургундары чыгымга учурап жатышат. Айыл тургуну Жениш Канаев: «Быйылкы жылы чөптүн начардыгынан эгиндин чабылбай калышынан малдарыбыз ылаңдады, ылаңдын анализин таба алган жокпуз, болгон ийнелерди сайдык бирок, козулар өлдү чөптүн сапаты жок болду, жалаң саман бердик, сатып алган чөбүбүз кымбат. Алдын алуу үчүн уколдорду сайдык натыйжа берген жок»- деп билдирди.
«Эми малды азайтып тоютту сапаттуу топтогонго аракет кылабыз, азыр эгин айдаганга мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Өкмөттөн бизге жардам керек болуп жатат. Сүттү 12-14 сомго өткөрөбүз, ал эми уй 200- 300 сомдук бир байлам чөптү бир күндө жеп коет, кийинки өнүгүүгө мүмкүнчүлүк жок», -деп айыл тургуну Жениш Канаев билдирди.
Мал чарбачылык менен алектенген Абдылдаев Качкын быйылкы жыл оор болгондугун баса белгиледи. «Быйыл тоюттун аз болгондугуна байлыныштуу бир жаштагы торпок өлүп калды, себеби сырттан келген кара беде күчтүүлүк кылып, арык мал көтөрө албай ошондон ашказаны иштебей калып өлүп калды», -деди. «Алдын алуу үчүн астын кургактап тоютту аз болгондугуна байланыштуу өлчөп, аздан берип, суусун убактысында берип тузун астына коюп туура мамиле жасап аткандыгына карабай эле торпок жайыттан өлүп калды.
-Быйылда ушундай болсо сиз кандай чечим кыласыз?
«Быйыл эрте жазда тоютту эрте камдаганга аракет кылып, мал тоют даярдаш керек жемин чөбүн камсыз кылгандан кийин анан кышкысын камын туура толук бергенге аракет кылып, ветеринардык жардамдарды өз убагында уколун сайып, ушундай алдын ала кам көрөбүз «.
Мал багуу оңой иш эмес буюрса, быйыл жаан — чачын болуп тоют көбүрөөк болуп малды аман эсен баксак малдан көбүрөк киреше алып айылдын элдеринин турмушу оңолот деген ишенимдебиз.
Даярдагандар: Нурлан кызы Перизат, Бейшебаев Саламат.