Кошбулактын «камчатка» аймагынын тургундары менен «Коал групп» кампаниясынын ортосунда чыккан чырга чекит коюла элек. Бул окуя боюнча жергиликтүү бийлик органдары элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жергиликтүү тургундар «Сот «Коал групп» кампаниясынын пайдасына адилетсиз чечим чыгарып берсе коомдук абалды жөнгөрүү кыйын болуп, башаламандык болуп кетүүсү мүмкүн»- дейт коомдук өзүн-өзү башкаруу аймагынын төрайымы Э. Абдуллаева.
Анын айтымында жер астынан көмүр казылгандыктан жашоого мүмкүн болбой мындан бир канча жыл мурда Сүлүктү шаарындагы Ш. Джураев көчөсүнөн ушул жакка көчүрүлгөн. Бул аймак «камчатка» деп аталгандай эле шарты катаал, суу жетишсиз, кышында өтө суук. Эми отурукташып, бак-дарак отургузуп турмуш көчүн улаган тургундар башка жакка көчүүгө мүмкүнчүлүгү жок, көпчүлүгү жашы улгайып калган жарандар.
«Бул маселени адилеттүү чечүүсүн көзөмөлгө алуу үчүн Президентке жана Башкы прокуратурага арыз менен кайрылдык. Эгер «Коал групп» ишканасы көмүр казууга аракет жасаса өзүбүз күч менен коргонобуз»- дейт Ш. Джураев айылынын башчысы Ниймат Айжигитов
Кабарчы: Анварбек Тухтаров