Түп районуна караштуу Тасма айлындагы кыска мөөнөттүү бала бакча үчүн жаңы ажаткана салынууда. Андан тышкары бала бакчага оюн аятчасына атайын каруселдер орнотулуп, балдарга дагы көптөгөн оюнчуктар жана заманбап парталар алып келинди.
Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин директору Алик Мамытов бул «100 бала бакча долбоорунун» алкагында көптөгөн иш-чаралар жүрүп, айыл тургундарына жана балдарга жакшы шарттар түзүлүп аткандыгын айтты.
“Мурунку ажаткананы оңдоп, атайын кафелдерди чаптатып, балдарга өзүнчө, кыздарга өзүнчө ажаткана курулууда. Атайын септик жасалып, ал жерге суу киргизилип, ысык суу да коюлат. Андан тышкары башка керектүү буюмдар келди. Балдардын оюн аянтчасынын тегерегине тосмо жасаталы деп атайын смета түзүлдү. Буюрса аныбыз да ишке ашат деп ойлойм. Бул айыл элине жана балдарга өтө чоң пайдасын тийгизет. Азырынча бизде кыска мөөнөттүү гана бала бакча иштелип атат. Буюрса кийин толук кандуу бала бакча ачылат”, — деп билдирди мектеп директору.
Аталган мектептин география мугалими Ороз Саадабаев бул ажаткананын курулушу менен балдарга ыңгайлуулук жаралып калат деген ойдо.
“Бала бакчага ажаткана курулуусу аябай жакшы болду. Себеби кышында балдар эшиктеги ажатканага барабыз деп жолдон тайгаланып жыгылган учурлары көп болот экен. Эми андай учурлар болбой калат деген ойдомун. Мына оюн аянтчасына дагы каруселдер орнотулду. Бул дагы балдардын бала бакчага болгон кызыгуусун арттырды. Башында ата-энелер балдарын көп алып келбей, кызыкпай атышкан, эми болсо балдарын алып келгендер өтө көбөйдү”, — деп өз оюн айтты Ороз Саадабаев.
Жаңы ажаткананын курулушунда иштеп жаткан жумушчу Мирбек Абдылдаев:
— Биз атайын жалданып келгенбиз, учурда жумушубуз аябай жакшы жүрүп атат. Кафелдердин сапаттары жакшы, өзүбүз ушундай кафелдер менен иштейбиз. Булар суу сиңирбейт, нымдуулук болуп, көгөрбөйт, тазалаганга абдан оңой, кооз болуп да көрүнөт.
Даярдаган: Саадат Турдуматова
Cынак үчүн