Учурдагы эң кɵйгɵйлʏʏ маселелердин бири таза суу маселеси.Жерге-Тал айылында таза суу маселеси каралганбы? Ушул суроо боюнча жергиликтʏʏ калкка жана жергиликтʏʏ ɵкмɵткɵ кайрылдык.
Айыл чарба жана коммуналдык маселелер боюнча адис Садыгалиев Таалайбектин айтымында суу маселесин чечʏʏ ʏчʏн чоң долбоор керек жана айыл ɵкмɵтʏнʏн каражаты жетишсиз экендигин айтты:
«Айылга таза суу 1967-жылы келген, ал убактан бери жакшы иштеп келе жатып 2007-жылы ARISтин жардамы менен калыбына келтирилген, андан бери толук ремонттон ɵтɵ элек.Таза суу маселесин чечʏʏ ʏчʏн чоң долбоор керек,айылдын бюджетиндеги каражат жетишсиз.Былтыр айылдын бюджетинен 150 миң сом которулуп быйыл оңдоп тʏзɵɵ иштери жʏргʏзʏлɵт.»
Айыл тургуну Мамбеталиев Бектендин оюу тɵмɵндɵгʏдɵй:
«Водопроводдор бар бирок иштебейт.Азыр биз сууну чоң суудан алып жатабыз.Таза суу маселесин жергиликтʏʏ калк чече албайт, бул маселени ɵкмɵт чечʏʏсʏ керек.»
Ал эми Ɵмʏкеева Назгʏл суу маселесин айыл ɵкмɵт карашы керек экенин билдирди:
«Биздин кɵчɵ таза суу менен камсыз болгон эмес,сууну булактардан кир суулардан алып жатабыз.
Таза суу маселесин айыл ɵкмɵт карашы керек.»
Оорунун кɵбʏ кир суудан болуп жаткандыгын Мусуралиева Мария билдирди:
«Айыл таза суу менен камсыз болгон эмес.Бул маселени жогорку жак караш керек.Оорунун кобу ошол кир суудан болуп жатат.Ушул маселени чечип беришсе абдан жакшы болмок.»
Жогоруда айтылгандай Жерге-Тал айылында таза суу маселеси кɵйгɵйлʏʏ маселе боюнча калууда.
«Суу — ɵмʏрдʏн булагы» демекчи элдин ден-соолугу сенин жана биздин колубузда.
Даярдагандар: Элиза Темирбекова, Мээрим Жумабекова, Нестан Абдиева, Айдана Токонова