Азыркы учурда республика боюнча «Сен мыктысың» долбоору эң актуалдуу программалардын бири болууда. Бул долбоорго кичинекей жаш таланттар катышып, өзүнүн таланты жана өзгөчөлүгү менен бөлүшөт. Нарын районунун Казан-Куйган айылынын тургуну Аделия Саламатова аталган долбоорго катышып, өз күчүн сынап көрүүнү чечкен. Аделиянын өзгөчөлүгү — тексттеги сөздөрдү тескеринен окуп, мазмунун түшүнөт. Ал учурда 4-класстын окуучусу.
Май айынын соңунда Нарын шаарына аталган долбоордун өкүлдөрү келип, кастинг жарыялашкан. Аделия кастингге катышып, Баластан телеканалынын эфиринде «Сен мыктысың» телеберүүсүнө тартылууга жолдомо алган.

Аделия Саламатова, Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучусу
«Аделия китептерди көп окуйт. Ал текстти оңунан да, тескерисинче да шар окуй алат. Аделиянын мүнөзү токтоо, оор басырыктуу, ичинде көп сырлары бар. Көбүнчө өзү ойлуу жүрөт. Болуп жаткан таймаштардын көбүнө катышып, ар убак активдүүлүгүн көрсөтүп турат. Атайын тез окуу ийримине катышып, мектептен сырткары өтө көп машыгат»,- дейт Аделиянын класс жетекчиси Чолпон Ашымова.

Аделия класс жетекчиси Чолпон Ашымова менен
Аделия шар окуу боюнча атайын курстарга катышып келет. Ал келечекте доктур болууну каалайт.
«Мен биринчи классымдан баштап китепти шар окууга машыккам. Ал эми 4-класстан тарта китепти тескерисинче окуп, кызыгып баштадым. Учурда тез окуу ийримине катышам. Класста «Сарамжал » ийриминин «Уздар » командасына катышып келем. Бул ийримдер өтө кызыктуу. Бир эле багыт менен кетпестен мен ар тараптуу өнүгүүнү каалайм. Келечекте доктур болом деген ниетим бар».
Азыркы учурда эң сонун долбоорлор жана ийримдер болгондугуна байланыштуу ар бир мектеп окуучулары жаштайынан тарта катышып, ийгиликке жетип, алдыга умтулуусу эң сонун жөрөлгөнүн бири.
Гулнара Кенжеш кызы