Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Акыркы коңгуроо» аземи белгиленди. Эшикте аба ырайы суук болуп, жаан жаагандыгына байланыштуу бул кече мектептин спорт залында өткөрүлдү.
Акыркы коңгуроо окуучулардын, өзгөчө бүтүрүүчүлөрдүн майрамы болуп саналат. Быйылкы окуу жылында Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебин 11-классты 35 окуучу, 9-классты 62 окуучу аяктады.
Бүгүнкү салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен башталды.
Андан соң сөз кезеги мектеп директору Дайырбек Айдарбеков жана айыл өкмөтүнүн башчысына берилди.
11-а классынын окуучулары класс жетекчиси Тукенай Бактыгулова окуучулары менен
11-б классынын класс жетекчиси Элла Жумабаева окуучулары менен коштошуу учуру
11-а классынын даярдаган концертинен бир көрүнүш
11-б классынын уюштурган концерт
Ар улуттун улуттук бийлерин бийлешти
Мектептин алдыңкы, мыкты окуган окуучуларына грамоталар тапшырылды
Эл аралык олимпиаданын медалисттери
Быйылкы окуу жылында мектеп окуучулары дүйнөлүк, эл аралык олимпиадаларга да активдүү катышышты. Мисалы, Steam олимпиадасына 50окуучу катышып, 1-этаптан 20окуучу өткөн. Анын жыйынтыгы боюнча Корчубек Акназаров мектебинин окуучулары 3 күмүш, 6 коло медаль утуп алышты.
Аларды даярдаган, окуткан мугалимдер дагы кур кол калышкан жок
Мындан сырткары спорт жаатында дагы ийгилик жараткан окуучуларга грамоталар тапшырылды
Кеченин соңунда бүтүрүүчүлөр 1-класстын окуучулары кичинекей белектерин беришим, акыркы коңгуроо кагышты
Акылай Болотбекова