Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин Республикалык экология жана инновация эссе, видео жана АРТ олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар ыйгарылды.
Айжан Акунова
Англис тили мугалими Айжан Акунова:
«STEAM олимпиадасы категорияда болуп өттү. Алар: эссе, видео жана АРТ категориялары. Математика категориясы 1-11-класска чейин катышышса болот. Эссе категориясын 3 тилде жазууга болот. Англис тили, орус тили, кыргыз тили. Эсседе экологиянын көйгөйлөрү жазылат. Азыркы учурда экология дүйнөлүк көйгөй жаратып жаткандыктан, кандай жол менен чечсе болот деген максатта уюштурулган олимпиада.
Олимпиадага окуучулар абдан активдүү катышышты. Бул олимпиада негизи алтын, күмүш, коло жана алтын медалдын эң жогоркусу баш байгеге коюлду. Эгер окуучу 100 баллга тапшырса, анда ал чет өлкөгө бекер барып келгенге, 10 күндүк лагерге жолдомо алат. Ошондой эле алтын медаль алгандарга көлгө 10күндүк лагерге жолдомо берилет. Олимпиадага бүтүндөй облустар катышышты. 4категория боюнча 100балл алган 4 окуучу тандалат. 4 мыкты окуучубуздун бири Нарын облусунан аныкталып, чет өлкөгө жолдомо алды.
Кочкор районунан дагы 1 окуучу алтын медалга ээ болуп, Көлгө жолдомо алды. Чолпон айылынан 50 окуучу катышып, 1-этаптан 20 окуучу өтүп 30 окуучу өтпөй калган. Экинчи этаптын жыйынтыгы менен 9 медалист чыкты. Медаль алуу дагы оңой нерсе эмес. Демек окуучу аракет кылды, ошончолук даярданды. Окуучуларды даярдап, аларга түрткү берген агай- эжейлерибиздин эмгеги зор. Мен аябай кубанычтамын, себеби быйыл биз 1-жолу катышып жатабыз. Ошого карабастан Корчубек Акназаровдун окуучулары 3 күмүш, 6 коло медаль утуп алышты. Кийинки жылы окуучуларыбыз жолдомону дагы утушуп, чет өлкөгө дагы барышат жана алтын медалды дагы алышат деген чоң ишеничтемин».
Сыйлык ээлери
Сыйлык тапшыруу аземи
Олимпиададан мыкты көрсөткүч көрсөтүштү
9 окуучу медаль алышты
Айчүрөк Сапаркулова