Кыргызстанда 2018-жылы жашыл экономикага өтүү концепциясы кабыл алынып, 2019-2023-жылдарга өнүгүү программасы түзүлгөн. Жашыл экономика принциптерин киргизүү зарылдыгы туурасында президенттик аппараттын реформаларды талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов ой бөлүштү.
Президенттик аппараттын реформаларды талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов
— Кыргызстанда жашыл экономикага өтүү зарылчылыгы кайсы себептерден улам жаралып жатат?
— Азыр бир гана Кыргызстанда эмес, жалпы планетаны алсак климаттык өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошого байланыштуу ар кандай катаклизмдер, кээ бир аймактарды сел жүрүү болсо, айрымдарында тескеринче кургакчылык болуп жатат. Бизде деле ошондой болуп жатат. Быйыл эле жайында Кыргызстанда кургакчылык болду. Бул дагы суунун аздыгынан болуп жатат. Эми, климаттын өзгөрүүсү жалпы планетанын көйгөйү, бир гана Кыргызстандын маселеси деп айта албайбыз. Бирок, сөзсүз мунун бардыгы биздин айлана-чөйрөгө, экономикабызга, социалдык тармактарга түздөн-түз таасирин тийгизет. Ошондой эле, биздин коопсуздук маселебизге терс таасирин тийгизиши ыктымал.
— Коопсуздугубузга коркунуч келиши ыктымал деп жатасыз. Кененирээк айтып берсеңиз…
— Глобалдык жылуулук кесепетинен мөңгүлөр эрип жатат. Акыркы 50 жыл ичинде мөңгүлөрдүн 20% эрип, жок болуп кеткен. Ушул кылымдын аягына чейин 80% мөңгүлөрүбүз жок болуп кетиши ыктымал деп илимпоздорубуз айтып жатышат. Мөңгүлөрүбүз ушул темп менен эрисе, келечекте эч кимге эч кандай экономика, саясат кереги жок болуп калышы мүмкүн. Себеби, ошол кошуна өлкөлөр менен суу талашып, чыр-чатактан башыбыз чыкпай калсачы? Кудай сактасын, бирок ошондой коркунучтар бар. Мындан улам, биз азыр сөзсүз айлана-чөйрө көйгөйлөрүнө, глобалдык климаттын өзгөрүүсүнө терең маани беришибиз керек. Мурда экономикабызды мынча пайызга өстүрөбүз деп жүрдүк эле. Бирок, анда ал нерсе айлана-чөйрөгө кандай зыян келтирет деген суроо жок болчу. Азыр экономиканы өстүрүү менен экология маселеси биринчи орунда турушу керек.
— Жашыл экономикага өткөн өлкөлөрдө кандай өзгөрүүлөр бар?
— 50 жыл мурун өнүккөн батыш өлкөлөрү учурда жашыл экономикага өтүштү. Экологияга зыян келтирген завод, фабрикаларына жашыл экономиканын принциптерин киргизип, чөйрөгө терс таасир бербеген деңгээлге жетишти. Азыр мисалы Норвегия, Германия жашыл экономикада жашаган өлкөлөр болуп эсептелет. Биз дагы жакынкы келечекте бул багытты киргизишибиз керек. Ошондо буюрса мөңгүлөр сакталат, табигат өз ыргагында болуп, ар түрдүү табигый кырсыктар азаят.
Темиркулов: Мал чарбалардын сапаты жок, бирок саны көбөйүп жатат. Бул 9 млн га жайыт жерибизге чоң жүк келтирип жатат.
— Батыш өлкөлөрүнүн жашыл экономкага өткөндүгү туурасында айтып өттүңүз. Бирок, ал өнүккөн өлкөлөрдө экономикалык мүмкүнчүлүк дагы жол берип жатпайбы. Кыргызстан өз алдынча жашыл экономикага өтө алабы?
— Жакшы суроо. Биз, жашыл экономика деп түздөн-түз батыш өлкөлөрүн карап, алар эмне кылса, ошону туурап жатабыз. Мурун деле ошондой болчу. Бирок, бул туура эмес багыт. Себеби, биз аларга окшош эмеспиз. Географиябыз такыр эле башкача, территориябыздын 95% — тоо. Алар океанга жакын. Климаты бизден айырмаланат. Тарыхы, жашоо маданияты, экономикалык структураларыбыз бөлөк. Мисалы, бизде индустрия жок. Аларда тескеринче, экономикалык багыттары — өнөр жай, индустрия, автомобиль куруу ж.б Алар жашыл экономика принциптерин ушул нерселерге киргизген. Бизде ал багыттар жок.
— Анда, Кыргызстандын жашыл экономика өнүгүү багыттары кайсылар болушу керек?
— Бизде өзгөчө багыттар бар. Жашыл экономика – бул табигатка аяр мамиле жасаган, эч кандай зыян келтирбеген экономика деп түшүнүүбүз кажет. Бизде экологияга кайсы тармактар начар таасир берип жаткандыгын аныкташыбыз керек. Эң ириде табигатка начар таасир берип жаткан багыт – мал чарбачылык.
— Кантип?
— Мал чарбабыз бүгүнкү күндө сапатсыз. Асыл тукум аз. Мисалы, бизде бир уй жылына 2 тонна сүт берет. Израилде болсо, бир уй бир жылда 12 тонна сүт берет. Ал эми Голландияда жылына 8 тоннадан кем берсе, начар мал катары саналып союуга кетет. Ал эми биз сапаты начар мал-жандыктарын багып, убактыбызды, каражатыбызды коротуп жүрөбүз. Азыр асыл тукуму жок койдун жүнү эч нерсеге жарабай, өрттөлүп жатат. Экинчиден, мал чарбалардын сапаты жок, бирок саны көбөйүп жатат. Саны көбөйгөн сайын биздин 9 млн га жайыт жерибизге чоң жүк келтирип жатабыз. Малды жайганда дагы эч кандай нормалар сакталбай келет.
Касиет Кубанычбек кызы