Адамдар көпчүлүк учурда өз оюн билдирүүдө, сезимдерин жеткирүүдө туура эмес сөздөрдү же сүйлөө ыкмасын пайдалана албагандыгынан улам көздөгөн максатына жетпей калышат. Зомбулуксуз же басынтпай баарлашуу максатка жетүүдө эң жакшы ыкма жана курал болуп саналат.
Психолог Зейне Кудайбергенова бул метод кантип иштейт, кантип сүйлөшүүнүн бул ыкмасына жетсе болот жана кандай натыйжа берерин айтып берет.

Негизинен бул теориялык ыкманы Америкалык психолог Маршалл Розенберг сунуштап көрсөткөн. Азыркы учурда 30 дан ашык мамлекеттерде психолог М.Розенбергдин мектептери бар. Анын ыкмасы практикада колдонууга ыңгайлуу, андыктан бул ыкманы кеңири карап көрөлү.
Биз-адам баласы бактылуу болуу үчүн өзүбүздү баалаганды үйрөнүшүбүз жана сезе билүүбүз зарыл. Коомдо башкалар менен сүйлөшүүнү, ар кандай пикир келишпестиктерди (конфликтти) коопсуз жол менен чечүүнүн жолдорун билгенибиз жакшы. Баарлашуу — эң негизгиси чөйрөдө адамдар менен ишенимдүү мамиле түзүү үчүн керек. Өзүбүздүн муктаждыктарыбызды канааттандырып, максаттарыбызга жетүүдө айлана-чөйрөдөгү адамдарга башкалардын муктаждыктарын эске алып, аларды таарынтпай, кемсинтпей, муну эске алышыбыз керек — мажбурлап башкаруу жолу менен эмес. Бактылуу болуу үчүн, максаттарга жетүүдө башкаларды колдонбой сый менен, ыраазычылык менен аларга да бизге дагы жакшы болгондой мамиле кылуу, ошого жетүүнү көздөйт.
Маршалл өзүнүн практикасында адамдардын мамилеси начар болуп жатканынын эң негизги себеби тандаган тил кандай сөздөр менен сүйлөп жатабыз, сүйлөмдөрүбүздү кандайча түзүп жатабыз, кандай сөздөр менен башкаларга кайрылып жатабыз деген тыянакка келген. Ал аны образдуу түрдө жирафтын тили же чөөнүн тили деп бөлүп койгон. 1- жирафтын тили бул башкаларды сыйлоо менен максатка жетүү болсо, 2-чөөнүн тили кандай гана жол менен болсо дагы өз максатына жетүү тилин колдонот деп белгилеген. Бул бардык эле жерде, бардык эле мамилелерде бизге жардам бере турган ыкма.
Көчөдө болобу, достор мененби, жумуш учурундабы айтор бардык эле учурларда колдоно берсек болот. Эң негизгиси жакын адамдарыбызга маегибиз жемиштүү, жылуу сезимдерди бере турган, бизди бактылуу кылууда бир натыйжага жетүү үчүн керектүү.
Адамда өзүңө болгон мамиле жана башкаларга болгон мамиле болот. Бул эки учур тең абдан маанилүү. Башкалардын сезимдерин сезе билүү бул эмпатия. Өзүнө аяр жана кабыл алуу мамилебиз бул өзүн өзү баалоо (самооценка).
Муну теорияда 1-деңгээл,2-деңгээл деп атап коюшат. Башкалар менен эффективдүү, жылуу мамиле куруу үчүн өзүбүзгө болгон мамиле туура болушу керек. Ошондой эле башка бирөөлөрдүн сезимин сезе билүү, анын көз карашын түшүнө билүү зарыл.
➡️ 1-этап сүрөттөө, баяндоо этабы. Бул учурда сын такпай, баа бербей жөн гана баяндап, сүрөттөп берүү.
➡️2-этап өзүбүздүн эмоциябызды айтуу. Ошол абалга жараша кандай сезимдер болуп жатканын айтып берүү
➡️3-этап кайсы муктаждык канаттанбай калганы жөнүндө айтуу.
➡️4-этап өтүнүч, сураныч.
Муну метод катары колдонсо болот. Сөзсүз эле сөз менен айтып эмес кээ бир учурларда мимика, жест, дене тили менен дагы билдирүүгө мүмкүн.
Мисалы: Балаңызга же жолдошуңузга күндө кийим-кечесин ордуна койбой жатканын көрүп сиз дароо эле дайыма ушундай кыласыңар, күндө чачып саласыңар деп айтсаңыз алар муну сындоо катары, жаман көрүп жаткандай кабыл алышат дагы бул учурда сиз максатыңызга жакындабай эле алыстайсыз. Сиздин максат болсо, алар бардыгын ордуна койдурууга жетүү болчу.
Бул этаптарды колдонууда сиз алгач балаңызга:
“Балам, сенин кийимдериңди бир нече күндөн бери ар кайсы бөлмөлөрдөн көрдүм. Мен ушуларды көргөндө жумуштан чарчап келген жаным ого бетер көңүлүм түшөт жана ачууланам. Мен таза үйдө жашагым келет. Баарыбыз чогуу жашагандан кийин бири-бирибизди сыйлагандай таза жерде жашасак деп каалайм. Ар бир нерсе өз ордунда болсо деп ойлойм. Ошондуктан балам, мындан кийин сен кийимдериңди ордуна кой, кир кийимдерди жуучу жерге алып бар”- деп түшүндүгөнүңүз натыйжалуу болот.
Мораль окуу. Башка бирөөлөргө жашоону үйрөтүү, сындоо, күнөөлөө же ага “диагноз” коюп коюу (жаман, жинди).
Салыштыруу. Башка бирөөгө салыштырууда ал адамды басынтып, анын сезимдери менен эсептешпей жатабыз. Анын ордуна башка бирөөнү коюп коюп жатабыз. Ошондуктан негизи салыштыруу бул терс мамиле.
Жоопкерчиликтен качуу. “Сенин айыңан мен бактысызмын”. “Сен мындай кылган үчүн менде ушундай болуп жатат” — деп башка бирөөгө жоопкерчиликти оодарып салуу. Ооба, сөзсүз түрдө жашообузга башка бирөөлөр таасир этет. Бирок, толук түрдө эмес андыктан өз жоопкерчилигибизди дагы унутпашыбыз керек.
Талап кылуу. Талап кылуу эч качан жылуу мамилелерге алып келбейт. Вертикалдык мамиле түзөт. Сизди жакшы көргөндөн эмес, корккондон угат. Ал сапаттуу мамиле болуп саналбайт.
Албетте, баардык эле техникаларга окшоп Розенбергдин сунуштарынын кемчиликтери да бар. Бизге бирөө терс мамиле кылып, же болбосо мыкаачылык кылып жаткан учурда, же чоң конфликт болуп турганда, бул техникаларды колдонуш кыйын. Терс сезимдерге алдырабыз, терс жана кыска ойлорго алдырабыз. Кээ бир адамдар чөөнүн тили менен сүйлөп көнүп калган адаттан кутулуу кыйын эмеспи. Бирок Розенберг согуш болгон өлкөлөрдө сүйлөшүүчү (переговорщик) болуп иштеп, өзүнүн методдорун иш жүзүндө көрсөткөн. Менин оюмча бул техникалар ошондой конфликтке жеткирбегенге жардам берет.
Бирок, басынтпай баарлашуунун колдонуучу учурлары дагы бар деп ойлойм. Эгерде кандайдыр бир адам сиздин сезимдериңизди мааниге албаса, анда “басынтпай баарлашуу стилин колдоном” деп өзүңүзгө зыян келтиришиңиз мүмкүн. Анткени, сиздин сезимдерди сизге каршы курал катары колдонушу мүмкүн, “ооруган” жерди басып. Ошондуктан бул методду кылдаттык менен колдонуу зарыл. Ишенген, жакшы көргөн, сыйлаган инсандар менен мамилеңизди чыңдап, жылуу, сапаттуу кылсаңыздар болот.
Айгерим Кубатбекова