Мектепте берилген үй тапшырмасын аткаруу окуучулар үчүн татаал интеллектуалдык милдет. Ал эми анын аткарууда бала өз алдынча жана жоопкерчиликтүү болуусу үчүн кандай мотивация берүү керек?
Билим алуу үчүн балада позитивдүү ой-жүгүртүүнүн болуусу маанилүү
Ата-эне менен баланын байланышы
Окуучу тапшырманы дароо аткарып бүтө албай, улам кийинкиге калтыруусу кеңири кездешет. Анын себептери мектепте өтүлгөн теманы түшүнбөй калуусу, үйдө тапшырма аткарууга ылайыктуу жердин жоктугу же мотивациянын жоктугу болушу мүмкүн.
Бирок, көпчүлүк ата-энелер бул жагдайларды түшүнбөй, “эмнеге аткарган жоксуң?”, “эмнеге түшүнгөн жоксуң?”, “дагы деле аткарып бүтө элексиңби?” деген суроолорду байма-бай айтышы мүмкүн. Эгерде бала тапшырманы аткаргысы келбесе, демек ал кандайдыр бир кыйынчылыктарга туш болгон. Ата-эненин жоопкерчилиги, бала кыйналып жаткан жагдайларды аныктап, жол көрсөтүү.
Билим алууга позитивдүү жагдай
Билим алуу үчүн балада позитивдүү ой-жүгүртүүнүн болуусу маанилүү. Айрым балдар эмне үчүн мектепке барып, окуу керектигин терең түшүнө бербейт. Окуучу өзүн милдеттүү санаган учурда, анын бала кыял мүнөзү жана эрки баш ийүүгө жол бербейт. Ал эми бала билим аркылуу бийиктиктерге жете аларын түшүнгөндө, ал аракетин кылып баштайт.
Ата-эненин жоопкерчилиги, бала кыйналып жаткан жагдайларды аныктап, жол көрсөтүү.
Жардам берүү – үй тапшырмасын аткаруу эмес
Жардам берүү — бул баланын ордуна үй тапшырмасын аткаруу эмес. Ага түшүнүксүз болгон теманы түшүнгүчө түшүндүрүп берүү керек. Теманы түшүндүргөн соң, “кана аткарчы” деп баланын жанында отурбай, ата-энеге өз иштерин кылуу сунушталат. Анткени, айрым балдар чоң адамдар жанында турса, сүрдөп билип турган нерсесин дагы жасай албай калат.
Эс алуу менен үй тапшырмасын аткарууну айкалыштыруу
Бир отурганда бала бардык үй тапшырмасын аткарып бүткөрүүсүн талап кылбоо шарт. Көпчүлүк ата-энелер “бүтмөйүнчө турбайсың!” – дешет. Бала үй тапшырмасын ийгиликтүү аткара алышы үчүн 20-30 мүнөт маанилүү. Бул убакытта анын ой-жүгүртүүсү сабакка берилип иш алып барат. Ал эми мындан кийинки мүнөттөрдө ойдун ырааттуулугу чачырап баштайт. Анда, бала таза абада дем алып, ойноп, куунак убакыт өткөрүшү зарыл. Оюн, эс алуу жана үй тапшырмасын аткарууга балада 4-5 сааттык убакыт болушу керек.
Татаал жана жөнөкөй тапшырмалар
Үй тапшырмасын татаал тапшырмалардан баштоо керек деген жаңылыш түшүнүк. Татаал тапшырмалар балага канааттануу сезимин алып келбейт. Демек, бул баланын билим алууга болгон позитивдүү маанайын бузуп жатат. Ал эми баланын тез жана ырахат менен аткара ала турган тапшырмасы болсо, бул процесске катышууга жана акырындык менен жөнөкөй тапшырмадан татаал көнүгүүлөргө өтүүгө жардам бере турган баштапкы баскыч болот.
Мектепте берилген үй тапшырмасын аткаруу окуучулар үчун татаал интеллектуалдык милдет
Касиет Кубанычбек кызы