Турмуш куруу мамиле куруудан башталат. Үй-бүлөдөгү ажырашуулар, турмуш курбай жүрүү жаштарга коом тарабынан болгон басымдан улам дагы болушу мүмкүн. Эң ириде балага өзүн сүйүүнү, инсан катары калыптануусуна шарт түзүү керек. Ата-эненин балдардын турмуш куруудагы ролу туурасында психолог Алтынай Кариева төмөндөгүдөй оюн айтат.

Турмуш куруу дегенде күйөөгө тийүү же аял алуу эмес, мамиле куруу десе туура болот
— Баланы мамиле курууга, туура мамиле курууга бала бакчадан тарта үйрөтүү зарыл. Албетте аларга сабак өтүп үйрөтүү мүмкүн болбогондуктан оюн аркылуу киргизсе болот. Көп учурда балдар чоңдордон өзүнүн ата-энесин туурап, кайталап ойнойт. Ошондуктан муну бала бакчадан оюн түрүндө ролдоштуруп көрсөтүп, анда ата-эне бири-бирине жардамдашып, колдоп жатканын чагылдыруу керек. Мисалы: апасы ашканада тамак жасап жатса, атасы жардамдашып же ушул сыяктуу. Анткени бизде эркек киши эшиктеги гана жумуштарды жасайт ал эми аялдар жалаң гана үй тиричилигин кылышы керек деген ролдор калыптанып калган. Кийинки муундун балдарына мындай таңууланган көз карашты калыптандырбай тескерисинче үй-жумуштарын чоогуу деле аткарсе эч нерсе болбойт дегендей түшүнүк киргизишибиз керек.
Балдарды өзүн сүйгөнгө үйрөтүү зарыл
— Бизде көп учурда кыздарды үй жумуштарына үйрөтүп жатканда: “тамак жасаганды билбесең сени ким алат, кийин күйөөгө тийсең кантесиң, муну билбесең сени күйөө албай коет?” -деген сыяктуу сөздөрдү айтып. Ал эми балдарга болсо: “кийин үй булөңдү кантип багасың, муну кылбасаң сага ким тийет?”-дегендей сөздөр менен тарбиялап чоңойтушат. Мындай жол менен моивация берүү туура эмес. Бул учурда балдарда бир гана мен бирөөгө жар болгондон башка колуман эч нерсе келбейт окшойт, күйөөгө тийүүгө гана жаралдымбы деген ой болбош керек. Балдарды биринчиден инсан катары чоңойтуу керек. Өзү бар болгону эле чоң бир байлык.
Улуулар тараптан көрсөтүлгөн үлгү баланын келечегине чоң таасирин тийгизет
— Чоң эне, чоң ата, тай ата жана тай энелери жана ата-энесинин жакын адамдарынын көрсөткөн мисалы балага чоң таасирин тийгизет. Ата-энелер балага чыдап жашаш керек, биз деле ушинтип жашап келе атабыз деген сыяктуу сөздөрдү айтканы туура эмес. А р бир балага эч ким сага кол көтөргөнгө акысы жок, кээ бир учурларда зордук, зомбулук болуп жатса чыдап жашагандын кереги жок, -деп балдарга туура багыт бериш керек. Кыз баланы турмуш курууга даярдаганда туура багыт көрсөтүү маанилүү.
Психолог: Турмуш кургандан кийин мүнөзүн оңдоп алам деген туура эмес
Айгерим Кубатбекова