Эрте никеге туруунун кесепеттерин чагылдырган Сары-Көл сырлары аталышындагы оюн-сериал иштелип чыкты. Ал смартфондор үчүн “Чабалекейлер” аталышындагы тиркемеде жайгашкан. Өспүрүмдөргө арналган оюн-сериал тууралуу “Айкын багыт” коомдук фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова жана аталган фонддун программалык координатору Гулзат Мукалиева маалымат берди.
Статистикалык маалыматтарда Кыргызстанда эрте никеге турган кыздардын саны 13% көрсөтөт жана алардын басымдуу бөлүгү аймактарда дейт Мунара Бекназарова. Ал миграция, жакырчылык айынан айрым көп балалуу үй-бүлөлөрдө кыздарын эрте турмушка берген учурлар кездешип келет дейт. Мындан улам мектеп кезинен тарта биз өспүрүмдөргө эрте никеге туруунун кесепеттери тууралуу тушүндүрүп, кыздарга башка ролдук моделдерди көрсөтүүнү чечтик.
“Биздин негизги максатыбыз эрте никенин кесепеттери тууралуу өспүрүмдөргө кеңири маалымат берүү. Бирок, сөз менен айтып түшүндүргөндө, көпчүлүк мунун менин жашоомо тиешеси жок деп ойлойт. Ал эми оюн аркылуу түшүндүргөндө алар оюндун сюжетине жараша ар кандай тандоолорду жасайт”.
Оюн-сериалдын сюжети жайлоодо өтөт. Башкы каарман 16 жаштагы айылдык кыз. Анын жалгыз досу Күнсара аттуу ат. Башкы каарман өз оюн ачык айткан, көздөгөн максатын ишке ашыра билген мүнөзгө ээ. Ал ата-энесинен эрте айрылып, таэнесинин колдуна чоңоюуда. Учурда тигүүчүлүк курста билим алат. Жашоодо өзүн жалгыз сезип, досум жок деп ойлойт. Ал эми таэнеси аны жашоодон эртерээк ордун тапсын деген максатта турмушка берүүнү чечет. Оюн-сериал ушул сюжеттин алкагында жүрөт. Ал эми бул оюнду ойногондор башкы каармандын ролунда болот.
Мобилдик тиркеме түрүндөгү оюн-сериалды иштеп чыгуучулар бул оюн аркылуу өспүрүмдөргө эрте нике жана мыйзамдар тууралуу маалымат берүүнү көздөйт.
Улуттук статистика комитетинин 2021-жылдагы маалыматына ылайык, айымдардын никеге туруудагы орточо курагы 23 жашты түзгөн. “Айкын багыт” коомдук фондунун программалык координатору Гүлзат Мукалиева ар дайым статистикага таянсак, толук маалыматты ала албайбыз дейт.
“ Себеби, статистикага, изилдөөлөргө кирбей калган учурлар дагы болот. Балким, эрте никеге тургандар 13% дагы жогору болушу мүмкүн. Анткени, айрым эрте никеге тургандар каттоодон өтпөй калышы мүмкүн же мамлекеттик орган билбей калышы мүмкүн. Ошол эле укук коргоо, саламаттыкты сактоо же билим берүү органдары”.
Мунара Беканазарова жетектеген “Айкын багыт” коомдук фонду гендердик теңчилик багытында иш алып барат. Аталган фондго үй-бүлөлүк зомбулук, эрте нике, алимент ж.б көйгөйлөр менен жарандар кайрылып келет.
“Бизге ушундай маселелер менен көп кайрылышат. Биз аймактарды кыдырабыз. Ошондой иш сапарлардын биринде бир гинеколог ага 14 жаштагы кыз кайрылгандыгын жана ал кыз төрөгөндүгүн айтты. Мыйзам боюнча гинеколог милицияга кайрылышы керек. Себеби, бул кылмыш болуп саналат. Гинеколог милиция кайрылса, кийин прокуратура төрөт үйүн текшерип, силер биздин статистиканы буздуңар деген экен. Ошондон кийин гинеколог мындан учурлар катталса, милицияга кайрылгыс болду. Мунун ордуна кыздын абалын кароо керек эле. Ал баланы бага алабы? Эмнеге 14 жашында төрөйт? Кимден төрөдү деп, бул окуяга маани берилиш керек болчу…”, — дейт Мунара Бекназарова.
Мыйзам боюнча 18 жашта турмуш курууга болот. Бул жашка чейин турмуш куруу – эрте нике деп саналып, мыйзам жол бербейт. Жогоруда айтылган, миграция, жакырчылыктан тышкары үй-бүлөлүк жагдайларда дагы кызды эртерээк турмушка берүүгө аракет кылган көрүнүштөр кездешип келет.
“Апасы каза болуп атасы экинчи жолу үйлөнүп жатса же тескеричинсе апасы экинчи турмушун куруп жатса кызы үйгө батпай калган учурлар бар. Ошондо кызды эрте күйөөгө берип, өзүнчө бүлө болсун дешет. Ал эми оюн-сериал аркылуу биз кыздарга эрте турмуш куруу ордуна бир кесиптин ээси болууга, өз кыялына жетүүгө багыт берип жатабыз. Биздин иш-чараларга кыздар менен бирге эркек балдар дагы катышат. Алар дагы эрте никенин кесепеттери тууралуу оюн аркылуу маалымат алышат”.
Касиет Кубанычбек кызы