Биз бардыгыбыз эле бир нерсени каалайбыз болуш керек. Ар бирибиз жашоодо максималдуу ыңгайлуулукка жетүү үчүн аракет кылабыз. Ал үчүн өзүн өнүктүрүүнүн түрдүү ыкмалар бар. Алдыда 6 ыкманы сунуштайбыз.
Ар бир адам уникалдуу болгондуктан түрдүү нерселерди жакшы көрүшү мүмкүн. Ошондуктан бул иш ар бир адам үчүн уникалдуу. Бирок адам катары өсүүгө жардам бере турган универсалдуу ыкмалардын тизмеси бар:
1. Ойлонууга убакыт бөлүңүз.
2. Окууну адатка айлантыңыз.
3. Энергияны текке кетирүүнү токтотуп, эс алыңыз.
4. Каалоолоруңузду билиңиз.
5. Физикалык жактан өзүңүзгө кам көрүңүз.
6. Приоритет кое билиңиз.

Эгер сиз эмне үчүн өнүгүүнү каалайсыз, жашоо сапатын кантип жакшыртса болот, аны кантип үйрөнүү керек, ага кантип убакыт таап шылтоолордон кантип арылууну ойлонууга убакыт бөлбөсөңүз эч качан алдыга жылбайсыз.
Ойлонууга убакыт бөлүңүз

Ой жүгүртүү- бул өз ойлоруңуз менен жалгыз калып бир нерсеге терең сүңгүп, башкача айтканда чындап ойлонуп белгилүү бир суроо берүү. Биз бардык суроолорго жоопту билгендей жашап жатабыз.
Биздин жолубузга туш болгон адамдардын көбү, анын ичинде өзүбүз да, адатта, ар бир адам умтулган канааттануу сезимин сезбей калабыз. Бул сизге кызык эмеспи? Эмне үчүн мындай деп ойлонуп көрдүңүз беле? Эгерде бул суроолордун үстүнөн чындап ойлонууга убакыт бөлбөсөңүз анда аларга эч качан жете албайсыз, ойлонууну тезинен баштоо керек.
Эртең менен көзүбүздү ачарыбыз менен акылыбыз жана көңүлүбүз бир күн бою аткара турган нерселерге толуп калат. Биздин күн түзмө-түз өз милдеттенмелерибизди кабыл алуу менен башталат.Кайда бара жатканыңызды жана каалаган жерге жетесизби деген суроого убакыт бөлүү — бул сиз үчүн жасай ала турган эң маанилүү нерсе. Себеби өзүңүздү өнүктүрүү каалооңуз кайдан келип чыкканын жана ал жашоо сапатыңызга кандай таасирин тийгизерин билбей туруп максатка жетүүгө мүмкүн эмес.
Окууну адатка айлантыңыз

Жашоого жакшы адаттарды киргизүү керек. Мисалы, күн сайын жаңы нерсени үйрөнүп баштоо. Жаңы жашоо ыкмалары,башкача ой жүгүртүү, жаңы нерселерди өздөштүрүү жаңыча көз караш болбосо өзгөрүү эч качан болбойт. Эгерде биз ойлорубузду өзгөртүүнүн жолун таба албасак, анда биздин бүт жашообуз алгач белгиленген алкак менен чектелет. Азыр эч нерсени өзгөртпөсөк анда ал аягына чейин ушул бойдон калат деген сөз. Бул нерсе болбосо өзүбүздү тирүү эмес деп эсептесек болот. Өзүн тирүү сезүү деген эмнени билдирет? Тирүү адам деп- кунт кое алган(внимательный), активдүү жана кызыктар адамды айтабыз.
Эгерде биздин көңүлүбүз дайыма бир жерде гана болсо, биздин аракеттерибиз ар кандай кырдаалда автоматтык түрдө болуп, өсүүгө жана өнүгүүгө багытталбаса, анда биз өзүбүздү активдүү жана жаңы нерселерге ачык, кызыктар деп эсептей албайбыз.
Энергияны текке кетирүүнү токтотуп, эс алыңыз

Эгер сиз уктай элек болсоңуз адатта түнкү саат 10дон түнкү 2ге чейин эмне кыласыз?
Достор же үй-бүлөбүз менен убакыт өткөргөнүбүз жана андан ырахат алганыбыз башка кеп, ал эми телевизор көргөндө же интернетте тентип жүргөн таптакыр башка нерсе. Биз көп учурда убакыттын жетишсиздигинен жапа чегебиз, бирок такыр пайдасыз жана маанисиз нерселерге канча акча коротобуз деп ойлонуп көрдүк беле? Күнүмдүк иш-аракеттериңиздин пайдалуулугун өлчөө үчүн күнүнө жок дегенде бир жолу убакыт бөлүңүз.
Эгер сиз түндү пайдасыз өткөрүүнү токтотсоңуз, анда жакшы эс алып, убакыттын жетишсиздигинен ыйлабай, өз эрежебизге ылайык күндү түзүүгө толук даярданып ойгоно алаыз. Убакытты текке кетирүүнү токтотуп, өзүңүздүн милдеттериңиз каалоолоруңузду ишке ашырууга жумшай турган бардык баалуу убактыңызды алып салбашы үчүн, аны көзөмөлдөңүз.
Каалоолоруңузду билиңиз

Эмне үчүн , бул иштер менен алек болуп жатасыз? Чечим кабыл алууда сизге эмне таасир берет?
Эмне үчүн сиз азыр бир нерсени каалап, ал эми бир аз убакыт өткөндөн кийин — такыр башка нерсени каалап каласыз? Айталы, эмне үчүн азыр сизде күчтүү болууга, спорт менен машыгууга, туура тамактанууга мотивация бар, бирок 5 мүнөттөн кийин муну кылбоо үчүн шылтоо таап жатасыз?
Биз көп учурда өз кемчиликтерибизди жана кайсы бир нерселерди эмне үчүн кылып жатканыбызды түшүнгөндөй болобуз. Бирок, өзүңүзгө объективдүү мамиле жасап, сырттан карай билүү керектигин унутпаңыз.
Каалооңуздун дал келбестигин байкаганды үйрөнүңүз. Жеке өсүү мүмкүнчүлүгүнө бир аз болсо да жакындоонун эң эффективдүү жолу — бул ички карама-каршылыктарыңыздын кожоюну болуу.
Физикалык активдүүлүк сизди бактылуу сезип, жашоонун сапатын жакшыртууда абдан маанилүү ролду ойнойт

Адамдар көп учурда өзүн жаман сезип же капаланып жатканда өзүн аяп, бекерчиликте жатып алышат. Бул көйгөйдөн кутулуу үчүн сиздин физикалык абалыңыз сиз ал жөнүндө ойлобогондой деңгээлде болушу керек. Муну сиз көнүгүү жасоо, туура тамактануу жана жетиштүү уктоо аркылуу кыласыз. Машина деле тийиштүү май, суу, күйүүчү май жана үзгүлтүксүз тейлөө болбосо нормалдуу жүрө албайт. Анын бөлүктөрү унаа толугу менен кулаганга чейин биринин артынан бири бузула баштайт. Биздин денебизде дал ушундай болот. Ден соолугуңузга кам көрүңүз. Ал сиздин кызыкчылыгыңыз үчүн аракет кылуусуна мүмкүнчүлүгүн бериңиз, тескерисинче сиз ага эмес.
Приоритет кое билүү

Баарын дароо иретке келтиргендин ордуна, адегенде бир нече нерсеге көңүл буруңуз. Кээ бир учурларда, адегенде бир гана аймакка көңүл буруу жакшы.
Көп нече нерсеге көңүл буруңуз, бирок бардыгына бир убакта эмес.
Келгиле, кээ бир жөнөкөй мисалдарды карап көрөлү:
— Биринчиден, сиз жеке жашооңузга байланыштуу суроого тереңдеп кирип кетесиз. Мисалы, көптөн бери жолугууну каалаган адамды табасыз.
— Сиз муну көзөмөлгө алгандан кийин, ден соолугуңузга өтөсүз. Эртең менен көнүгүү жасоо, спорт залга баруу, пайдалуу тамак-аш сатып алуу, акырында дарыгерге жазылуу ж.б.у.с.
Андан кийин, сиз өндүрүмдүүлүгүңүздүн үстүндө иштейсиз (эртең менен эрте туруп, күндүз жумуштан алаксыбаңыз).
Мындай жол менен сиз бир учурда көп жумушту башыңызга үйүп албайсыз жана жашооңуздун бир тармагын ийгиликтүү өзгөртүү үчүн бардык ресурстарыңызды жумшоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.
Эгер сиз жашооңуздун бир тармагын өзгөртө алсаңыз, анда башка тармактарды да өзгөртүү керек деген ишенимге ээ болосуз.
Жаңы жылды туура баштоо үчүн 10 пайдалуу кеңеш
Бул жылы кайсыл китептер көп окулду?
Айгерим Кубатбекова