Өзүн кабыл албаган адамдар кандай болот, кантип өзүбүздү сүйө алабыз, мунун кандай артыкчылыктары бар? Өзүн сүйүү же кабыл алуу эмне үчүн маанилүү?- ушул жана башка суроолорго психолог, гештальт-терапевт Жаныл Жаманкулова жооп берет. Өзүн кабыл алуу жана сүйүү темасы бардык негиздердин негизин түзөт.

— Кандай гана кырдаалды алып карабайлы мисалы, башкалар менен болгон мамиледеги көйгөйлөр, каалоонун жоктугу, кубаныч, жашоодон рахат ала албоо жана финансылык көйгөйлөр, өзүнө болгон ишенимдин жоктугу мунун бардыгы эң ириде өзүбүз менен болгон мамилеге байланыштуу.

— Өзүңүз менен жакшы мамиледе болсоңуз (сүйсөңүз) дүйнө менен ошондой байланыш түзүлөт. Эгер адам өзүнө жана денесине көңул буруп, камкордук көрсө, эмне сезип жатканына маани берсе, убагында эмне жагып же жатпай жатканын сезе алса, эмне андагы көп энергияны талап кылып жатса же тескерисинче кайсыл нерсе кубаныч тартууларын билип убагында эс ала билсе башкача айтканда өзүн баалай билсе жашоо дагы андагы баалуулукту билет. Адам ичинде өзүнө болгон сүйүүнү, энергияны сезе билгени абдан маанилүү. Биз качан ичибизден сүйүү таппай калсак аны сырттан издеп баштайбыз. Эң негизгиси ал сырттан табылбайт ичибизде эмне болсо ошону гана таба алабыз. Мындан чыгуу жолу бизге эмне керек болуп жатса ичибизди ошого толтуруу зарыл.

— Өзүбүзгө кайрылуу жолу же адаттар аркылуу өзүбүздү кабыл алып, сүйө алабыз. Өзүбүздү 1-орунга кое билишибиз керек. ооба, жакындар, балдар эң маанилүү. Бирок, ошол эле учурда биз өзүбдү алдыңкы орунга коюп кам көрө билсек, жакындарыбызга мээрим, камкордук төгө алабыз.
Өзүн сүйбөгөн же кабыл албагандын кандай терс жактары бар?
— Өзүнүн каалоолоруна канатанбоо, эгер адамдын каалоосу ордунан чыкпай жатса адам өзүндө эмне болуп жатканын түшүнбөй жаман сезет. Бизде көп адамдар эмне каалап жатканын билишпейт. Азыр эмне сезип жатканын айта албайт. Бул көбүнчө кичине кезинде баланын оюн сураган эмес, ал эмне кылгысы келет, эмнени каалайт. Болгону мындай кылыш керек, андай кылыш керек деген менен өскөн. Мындан улам балада башкалардын каалоосу меникине караганда маанилүү деген ой калыптанып калган. Бул барып чоңойгондо деле эмне кааларын билбей калууга алып келет.

— Адамдар өзүн түрдүү себептерден улам кабыл албай, сүйбөй калышы мүмкүн. Муну ар бир адам менен жекече иштеп чыгуу керек. Алгач анын себебин аныктап, андан соң мунун үстүнөн иштеп чыкса болот. Өзүн сүйбөгөн же кабыл албаган адамдар кандайдыр бир шаблондорго туура келгенге аракет кылат. Өзүнүн каалоолоруна көңүл бурбастан барына жагууга, бардык адамдарга жакшы көрүнүүгө алар үчүн жакшы адам болууга тырышат. Чындыгында барына жагууга мүмкүн эмес экенин, кайсы бир адамдарга жагып айрымдарына жакпарын бул нормалдуу көрүнүш экенин аңдабайт. Ошондой эле өзүнүн каалоолорун аткарып, жакпаган нерселерди жасоодон баш тартып, өзү үчүн каражат коротсо же эс алса өзүн күнөлүү сезе берет.

Кантип өзүн кабыл алууну же сүйүүнү баштаса болот?
— Эң алгач өзүңүздүн кандай бет кап тагынып жүргөнүңүздү анализдеп талдап чыгыңыз.
— Бет каптты чечүү же андан арылуу
— Өзүңүз кандай болсоңуз ошондой кезигүүгө даяр болуңуз
— Өзүңүз кандай болсоңуз ошондой кабыл алыңыз. Эгер сиз өзүңүздү өзүңүз кабыл ала албасаңыз башкалар кантип кабыл алат? (Өзүмө өзүм керек болбосом башкаларга дагы керегим жок)
Психолог: Жашоодо кабыл алуу, түшүнүү, кечирүү маанилүү
Психолог: Биз таарыныч аркылуу өзүбүздү тааный алабыз
Айгерим Кубатбекова