Тынчсыздануу бул коркунучтуу же белгисиз нерсени кооптонуу менен күтүү. Анткени учурда болуп жаткан же болуп өткөн окуяга караганда боло элек нерсе адамды тынчсыздандырат. Мындай учурдан чыгуу жолдорун же пайдалуу көнүгүүлөрдү сунуштайбыз.
Тынчсызданбоо үчүн келечек жөнүндө терс ойлорду көзөмөлдөп, алар чыныгы болуп жаткан окуядан эмес, санаадан келип чыкканын билишиңиз зарыл. Сезимдериңизди туруктуу абалда кармоо үчүн коркунуч тууралуу болгон терс ойлорубузду байкап жана башкарууну үйрөнүшүңүз керек.
Тынчсызданганда кандай көнүгүүлөр пайдалуу:
1. Түрдүү машыгуулар (спорт)
Үй ичинде сизге ыңгайлуу болгон машыгуулар. Мисал келтирсек: басуу,олтуруп — туруу, гимнастика, йога (интернетте көптөгөн ыкмалар,көнүгүлүөр видео сабактар бар).
Натыйжасы: эндорфиндерди (мээде бөлүнүп чыккан жакшы маанайдын гормону) иштеп чыгуу, стресс гормондорун кайра иштеп чыгуу, чыңалууну жазуу, уйкуну, маанайды жакшыртуу. Үзгүлтүксүздүк маанилүү: күн сайын 10-15 мүнөт же бир жумада бир нече жолу жетиштүү.
2. Релаксация
Тынчсызданып жатканда баш тынч абалда боло албайт, ага жардам керек. Башты тынчсыздандыруу үчүн денебизди колдонсок болот. Анткени биз тынчсызданганда демибиз бузулуп, жүрөгүбүз кысылып, ичибиз ооруп же болбосо белибиз оорушу мүмкүн. Мисылы мончого баруу, банна алуу, укалоого баруу, медитация кылуу.
3. Колдоо көрсөтүүчү соцтармак
Чөйрөөдө колдоосу бар инсандар терс көрүнүшкө, мындан сырткары турдуу дарттарга (оорууларга) мыкты каршылык көрсөтө аларын изилдөөлөр тастыктаган.
4. Мамилелешүүнү башкаруу
Маал-маалы менен социалдык тармактардан алыс болуу жана үй-бүлө менен баарлашууда чакан тыныгуулар керек (эгер бул мүмкүн болсо), ошол эле убакта социалдык обочолонууга кылдат көңүл буруп, эгер өзүңүздү жалгыз сезсеңиз, баарлашууга аракет кылуу керек.
5. Психогигиена
Жаңылыктар үчүн убакыт бөлүңүз (эртең менен жана кечинде 30 мүн), калган убакта ал жакты карабаңыз. Дүрбөлөң түшүргөн жана сизге жакпаган пикирлерди жана эмоцияларды жайылткан бардык тааныштарыңыздан обочо болуңуз. Сизди, ичиндеги бугун чыгаруу үчүн ар дайым колдонгон жакын адмдарыңыз менен мамилени токтотуңуз. Эгер алар чоң адамдар болсо – алар өзүнө өзү кам көрө алышат.
6. Алагды болуу
Тынчсызданууда баш айрым бөлүктөрү ашыкча чыңалат, өтө активдүү болот, башка бөлүктөрүнө энергияны тартуу үчүн, аларды ишатетүү керек. Мисалы, бирөө менен сүйлөшүү, фильм көрүү, үй тазалап-жыйноо, музыка угуу ж.б.
4. Жетиштүү өлчөмдө суу ичүү
Суусоо бул денеде суунун төмөндөшү тынчсыздануунун жогорулашы менен байланыштуу. Күнүнө 1.5-2 литр, же уктаганча ар бир саат сайын – жарым саатта 0.5-1 стакан.
5.Антистресс-кол өнөрчүлүк
Бир нерсе жаратууда тапкычтык үчүн жооп берген баш бөлүгү активдешет. Сиздин колуңуздан келген жана жайбаракат жасай ала турган нерсени жасоо маанилүү. 30-40 мүнөт мындай иш менен алек болуу жүрөгүңүздүн ыргагын жана дем алууну жайлатат, булчуңдарды бошоңдотот, кан басымын төмөндөтөт.
6. Менталдык машыгуулар
Эч нерсе кылбай тынчсыздануунун өтүп кетишин күтө билүүнү үйрөнүү керек – ал сөзсүз төмөндөйт. Ички диалог жөндөмдөрүн жакшыртуу. Өзүнө өзү жардам берүү тутумун жакшыртуу, башкаларга жардам берүү.
7. Тамаша
Кырдаалга моюн сунууга жана тынчсызданууну токтото турган мээнин бөлүктөрүн иштетүүгө жардам берет. Психологдор тамашаны эң мыкты психологиялык коргонуу деп эсептешет. Маалыматты “кыргызча психология” Kg-psy.com долбоорунун командасы даярдады.
Академик: Чың ден- соолук туура ой, таза жүрөк жана таза сөздөн көз каранды
Айгерим Кубатбекова