Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын маданият үйүндө энелер күнүнө карата концерт болуп өттү. Концерт бүгүн саат 13:30дө башталып, саат 16:45де бүтүп Баатыр энелерди белектер менен узатышты.
«Атым Сакин Макебаева Чолпон айылынын тургуну болом. Мурун китепканада китепканачы болуп иштегем. Ошондой эле шайыр апалардын мүчөсү элем. Азыр пенсияга чыктым. Жашым жетимиште. 4 уул, 1 кыздын бактылуу энесимин. Бүгүнкү кече абдан жакшы уюштурулуптур. Бардык энелерге белектер берилди. Маанайым эң мыкты. Уюштурган балдарга ден-соолук, иштерине ийгилик, талантына талант кошулуп, ушундай кечелерди уюштуруп, ар дайым аман болушсун».
«Мен Жакыпбек Бейшаналиев. Чолпон айылында төрөлүп, Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинен билим алгам. Азыркы учурда борборубуз Бишкек шаарында жеке, чакан ишкананын директорумун. Негизинен бүгүнкү кечени маданият кызматкерлери уюштурушкан экен. Бизге Чолпон айылынын маданият үйүнүн жетекчиси «Баатыр энелер» күнүнө карата кечеге демөөрчү болууга сунуш киргизди. Биз дароо макул болуп, айылыбыздын көркү болгон 70 баатыр энеге өзүбүздүн чакан белектерибизди алып келдик. Келишибиздин эң негизги себеби-энелердин батасын алуу. «Бейиш эненин таманынын алдында» демекчи, алар бизди жарык дүйнөгө алып келип, өстүрүп, эрезеге жеткизгендиги үчүн кызмат кылышыбыз керек. Жаш муундарды да ушундай иш чараларды өткөрүп,улуулардын батасын алууга чакырам».
Эскерте кетсек, бул балдар буга чейин кайрымдуулук менен алектенип келишкен. Мисалы орозо айында колунда жокторго, майыптарга мал союп азык түлүк таратышкан жана башка да иштериди кылып турушкан.
Кусейин Марат уулу, Акылай Болотбекова, Канат Шаршенбеков