Чолпон айылынындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде айымдар арасында волейбол оюну боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдеш 18-май күнү болгон.
Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин тарбия завучу, дене тарбия мугалими Адил Жумаалы уулу: «Бул оюн Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекциясынын участкалык инспекторлору тарабынан БИИнын участкалык инспектору милициянын капитаны Курманова Мариям тейлеген айылдардын арасында уюштурулуп жатат. Чолпон, Молдо Кылыч, Шамшы, Бугучу, Кум дөбө, Ак жар айылдарынын айымдарынын арасында кылмыштуулукту жана үй-бүлөлүк зордук зомбулуктарды алдын алуу максатында, айымдарды сергек жашоого үндөө иретинде ушул оюн бүгүн Корчубек Акназаров атындагы орто мектеби менен биргеликте өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр диплом, грамота, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты».
«Мен Нурзат Керимова Осмон Айбашов атындагы орто мектебинде 12 жылдан бери окуу бөлүмүнүн башысы болуп иштеп келе жатам. Биздин коллективде азыркы күндө 39 мугалим эмгектенет. Коллективди негизинен жаштар түзүшөт. Биздин коллектив ынтымактуу. Коллективде эжейлер арасында волейбол боюнча 2 команда, агайлардан бир команда бар. Эжейлердин командасынын түзүлгөнүнө 2.5 жылдай болуп калды. Өзүбүз жактагы мектептер менен 2 жылдан бери ойнойбуз. Кээде утуш, кээде утулуш болот. Бирок эн негизгиси ар ким өз ден соолугу үчүн кам көрүп жүрүшөт».
Чолпон айылынын волейбол боюнча айымдар командасынын капитаны Айткан Марат кызы.
“18-майда откон мелдеш аябай кызыктуу жакшы жогорку денгэээлде өттү. Ал оюнда биринчи орунду Чолпон айылы, экинчи орунду Шамшы айылы, үчүнчү орунду Кум-Дөбө айылы алышты. Мен өзүм волейболго аябай кызыгам. 9-классымда ойноп үйрөнүп баштагам. Ошол боюнча мектепте ойноп жүрдүм университетте да ойнодум. Ортодон ойнобой калдым эле, эми кайра ойноп жатам. Спорт бул аябай жакшы, ден соолукка пайдалуу. Баарыңыздарды спортко чакырат элем”.
Гулира Сатарова, Кусейин Марат уулу