Кемчиликсиз адам болбойт бири -бирин кандай болсо ошондой кабыл алуу керек. Өзгөртөм деген туурам эмес нерсе эч качан андай болбойт. Өзүңүздү өзгөртүү менен таасир эте аласыз. Эмнеден улам кайын эне менен келин ортосунда түшүнбөстүктөр жаралат, аны кантип жөнгө салса болот психолог Жамила Хаитова айтып берет.
Идеалдуу келин келишин кааласаңыз өзүңүздү ошондой кылып тарбиялаңыз
— Бала дайыма энесин кумир тутат. Анын оюнда дүйнөдөгү эң жакшы, идеалдуу аял сизсиз жана аял ушундай болуш керек деген программа балага сиңет. Жашоодо апасына окшош кыз издейт. Кайын эне келинди тарбиялоочу чоң мектеп. Үй-бүлөдө кайын эненин таасири чоң болот. Үйдүн абалы аурасы кайын энеге байланыштуу.
Келин келерде эмнеге көңүл буруш керек?
-Келиндин улутун, кайсы динди тутат, шаардыкпы, айылдыкпы кандай үй-бүлөдө чоңойгон билими кандай айтор ушул сыяктуу алгачкы маалыматтар менен кайын эне тааныш болуш керек. Аны билип алып ошого жараша психологиялык жактан даяр болуп, мамиле кылганы туура.
Келген келин башка бүлөдөн башка программа менен келди. Башка тарбия алган сиздикине окшобогон каада салттар менен чоңойгон болушу мүмкүн. Аны кандай болсо ошондой кабыл алуу керек. Жылуу жумшак сүйлөп акырындап өз бүлөңүзгө көндүрүп алсаңыз болот. Бул жерде келин дагы жаңы үй-бүлөнүн ыгына көнүп, бизде мындай эле андай эле дебей жуурулушуп кетиш керек.
Мүмкүнчүлүк болсо жаш жубайларды эртерээк бөлгөн жакшы
— Эгер шарт болсо бөлүнө турчу жаштарды эртерээк болгөн жакшы. Алар өз буттарына туруп жашап кеткенге. Эгер чогуу жашай турган болсо анын дагы жакшы жактары көп мисалы: жолдошуңузду жакындан тааный аласыз. Анткени апасынан жакшы аны эч ким билбейт. Жолдошуңуз тууралуу бардык маалыматты апасынан алып алсаңыз болот.
Кайын эне келинди мага жаратуучу жаңы күч келди деп түшүнүшү керек
-Келин эн ириде сиздин үй-бүлөңүздүн урпагын улаганы келди. Сиз канчалык келинге жакшы мамиле жасап, кам көрүп, жакшы нерселерди сиңирсеңиз келиниңиз сиздин неберелерге аларды өткөрөт. Дени сак энеден дени сак бала төрөлөт. Келиниңизди жамандай берсеңиз балаңызды кыйнап алган болосуз. Кайын эне үйдүн куту. Келинди илбериңки тозуп алып жакшы үй-бүлөгө, коопсуз жерге келдиң деген ишеним бериш керек.
Келиндин келген жерин сындабоо зарыл
— Келинди сиздин үй-бүлөгө көндүрүп жатканда анын үй-бүлөсүн сынга албаш керек. Келиндин тарбиясын, үрп адаттарын, туугандарын, өскөн жерин сынга алганга болбойт. Ошондой эле неберелер туура эмес адаттарыды жасаса биздин тукумда мындай нерсе жасаган адам жок болчу деген сыяктуу сөздөр келинге катуу тийет. Анын жаманын жашырып, жакшысын ашырган жакшы. Себеби ал деле бир үйдүн алпештеп өстүргөн кызы. Ар бир адамда кемчилик болот. Келинди туура жолго салып тарбиялап алуу кайын эненин чеберчилиги.
Жакпай жатса акырын түшүндүрсөңүз болот
— Туура келиниңиздин үй жыйнаганы же бир нерсе кылганы, бала караганы жакпашы мүмкүн мындай учурда акырын түшүндүрүп айтсаңыз болот. Эгер сизге жакпаган белек берсе аны ичке жашырбай айтып койсоңуз болот.
Кайын эне туурасындагы терс образды кыздарга кичине кезинен эле сиңирип салабыз
— Биз кыздар кичине кезинен эле билбестен “сен мындай кылсаң кайын энеңе жакпайсың”, “ушундай кылсаң кайын энең жеткирип берет”-деген сыяктуу сөздөрдү айтып тарбиялап кыздын акыл эсине кайын эне жаман, урушчаак, сындайт деген сыяктуу образды калыптандырып салабыз. Бардык ата-эне баласынын бактылуу болушун гана каалайт. Болгону мамилелерди жөнгө сала албай туура түшүнө албагандан, бири бирин ордуна коюп көрбөгндөн улам турдүү пикир келишпестиктер жаралуусу мүмкүн.
Психолог: Жаш жубайларга өзүнчө жашоого мүмкүнчүлүк берген жакшы
Психолог: Инстаграмдан бирөөнү туурап «идеалдуу» болом деп, өзүңүздү жоготуп албаңыз
Айгерим Кубатбекова