Эгер мүмкүнчүлүк болсо жаш жубайлардын өзүнчө жашоосу алар үчүн дагы ата-эне үчүн дагы пайдалуу. Эки муун бири-бирине өздөрү үчүн жашоого мүмкүнчүлүк бергени туура деген психолог Алтынай Кариева жубайлардын үй-бүлө менен жашоосунун оң жана терс жактарына токтолот.
Жаш жубайлардын үй-бүлө менен бирге жашоосу бизде актуалдуу темалардын бири бирок, бул туурасында айтуу уят катары эсептелинет. Бизде байыртан эле ата-энени сөзсүз кичүү баласы карап калышы керек деген жакшы каада салт бар. Мунун жакшы жагы бар анткени башка өлкөлөрдөй болуп биздин өлкөдө карыганда ата-энелер каралбай карылар үйүнө өткөрүлүшү азыраак. Аны менен катар эле терс жактары дагы бар. Жаш жубайлардын ата-эне менен жашоосу эркек баланыкы менен болобу же кыздыкы мененби сөзсүз түрдө кырдаалга жараша болот.
Мисалы, ата-энеси карыган болсо, ооруп жатса, кароого муктаждык жаралса бул учурда алар менен бирге жашап кам көрүү зарыл. Ал эми бизде көп кездешкен жаш эле ата-энелер жумушу бар, өзүнүн жашоосун өзү алып кете алган куракта бирок, эмнегедир келин бала менен бирге турушубуз керек, алар бизге кызмат кылыш керек деген катуу талаптары, калыптанып калган ойлору бар. Бул учурда жаш үй-бүлө өздөрүн өзүнчө бир үй-бүлө катары сезе алышпайт. Куралган эле үй-бүлөнүн бөлүгү катары саналып, башка үй-бүлөгө кошулуп калат. Бул учурда түрдүү маселелер жаралышы мүмкүн. Мисалы: бала ата-энеси менен бирге жашаганы үчүн өзүнө жоопкерчиликти толук ала албайт. Ал эми кыздын ата-энеси менен жашаганда деле ушул сыяктуу көрүнүш кыз өзү чоңоюп өскөн үйдө ээн эркин жүрө берет дагы күйө бала кичние ыңгайсызданат.
Чоогу жашаганда жаш үй-бүлөнүн ордуна ата-эне чечип коет
Чоогу жашаганда көп учурда ата-эне уулу менен келинин бала катары кабыл алышат. Аларды жаш көрүп өздөрүн тажрыйбасы көп катары эсептешет да жаңы үй-бүлөгө өзүнүн бир тажрыйбасын алууга, кетирген катачылыктарын оңдоого, өздөрүнүн бир жолун басып өтөөгө мүмкүнчүлүк болбой калат. Башкача айтканда өздөрүн эркин сезе алышпайт. Бирок, ата-энеси менен бирге жашап деле бири-бирин жакшы түшүнүп, сонун жашап жаткан деле үй-бүлөлөр бар экенин айтып кетейин. Тилекке каршы көп учурда эле андай боло бербейт.
Ата-энеси жаш үй-бүлөнү кое бергиси келбейт
Ата-эне баласын же кызын жаш үй-бүлөнү кое бергиси келбеген, байланып алган кырдаал болот. Чымчыктар деле балапаны чоңойгондо уядан учуруш керек болгондо аларды кое бергиси келбей жоктогон сезим болот. Ушунча чоңойтуп, эрезеге жеткирип туруп учуруп ийемби деген. Бул көрүнүш адамдарда деле болот чоңойтуп өстүрүп анан бөлүнө турган учур келгенде эмоционалдык жактан кыйналышат өзүн жалгыз сезишип, кабатырланышат. Бул нормалдуу көрүнүш ал мезгилден өтүш керек. Бул эмоцияларды жеңип өтүп баланы учуруш зарыл. Жаш үй-бүлө үчүн бул бири-бирин жакшы тааныганга, үй-бүлө бекем болуусу үчүн жакшы тажрыйба болуп пайдалуу болот. Аткени өзүнчө жашаганда ошол үй-бүлөнүн эрежелери, салт санаасы чыгат. Үй-бүлө жоопкерчилик алып, аракеттенип, алдыга жылып, умтулуу болот. Өздөрүн толук кандуу үй-бүлө сезишет.
Бала тарбиясына дагы пайдалуу
Чоң үй-булө менен биге жашаганда жаштарга бала тарбиялоосуна мүмкүнчүлүк бербей аралашып кетишет. Бул учурда балдар чоң ата, чоң эне же тай ата, тай энесин коргоочу катары сезип, өзүнүн ата-энесине мамилеси өзгөрүп калат. Ата-энесинин ролу улуу муунга байланып калат дагы алар өдөрү каалаган тарбияны, мээримди бере алышпайт. Тартынып турушат же убакыт болбой калат. Андыктан менин оюмча эгер ата-эне жаш болсо, ден-соолугу чың, өзүнчө жашаганга мүмкүнчүлүгү болсо, жаш үй-бүлө өзүнчө жашаганга мүмкүнчүлүк берсе жакшы. Бул бир жагынан ата-энелерге дагы пайдалуу карыганда убактысын түрдүү эс алууларга арнап, өздөрүнө көңүл буруп, убакыт бөлгөнү сонун да. Балдарын чоңойтуп, өстүрүп эми кайра эле неберелерин карап өздөрүнө түйшүк артып кыйналып калышат. Эгер ата-энелер жардамга муктаж болсо балдары каралашканы туура. Ууулу муун дагы баласына жамандык каалабайт аларга каралашып, тажрыйбалары менен болүшүүнү каалайт. Бирок, ошол эле учурда ар бир адам жашоодо өз тажрыйбасын алып өтүшү керек.
Психолог: Ата- эне баласына турмуш курууга эмес, туура мамиле курууга үйрөтүүсү керек
Төрөт учурунда моралдык-психологиялык абал чоң роль ойнойт
Психолог: Турмуш кургандан кийин мүнөзүн оңдоп алам деген туура эмес
Айгерим Кубатбекова