Нарын облусундагы Кочкор районундагы Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде КР президентин жарлыгынын негизинде «Өз багыңды отургуз» акциясынын алкагында даярдыктар башталды.
Иш-чаранын катышуучулары
№ 15 кесиптик лицейдин социалдык өнөктөшү «Мирбек Нур» коомдук уюмунун жетекчиси Алмазбек Раевдин демилгеси менен долбоор аркылуу кесиптик лицейине 700 (жети жүз) түп алма жана өрүктүн көчөттөрү алынып келди.
«Башня» участкасы
Көчөттөр Ж.Тойгомбаев атындагы «Башня» участкасынын 80 сотых жерине, Жети- Огүз районунун Жеңиш айылынын питомнигинин 700 түп алма-абрикос көчөттөрүнүн сорттору отургузулду. Кесиптик лицейдин жалпы эмгек жамааты Алмазбек Раевге ыраазычылык билдирет.
Медина Турдубекова