Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын ,№15 кесиптик лицейинде кыргыз чаар тоокторду багылып жатат. Тооктор долбоор аркылуу алынып келип, максаты кыргыз чаар тоогун сактап калуу болгон.
Канаттууларды сүйүүчүлөр клубу
Долбоордун жетекчиси Алмазбек Раев Кыргызстанда чаар тоок азайып баратканын белгилейт:
«Бул лицейге кыргыз чаар тоогун алып келгенимдин себеби «Кыргыз чаар тоогун сактап калуу» деген долбоор болгон. Бул долбоор ИСУР коомдук фонду тарабынан колдоого алынган.
Кыргыз чаар тоогу болсо Кыргызстан боюнча саналуу эле тооктор калган , 1991-жылы эки жүз элүү миң эле тоок бар болчу, азыр жокко эсе.
Бизде кыргыз чаар тоогун сүйүүчүлөр клубу ачылган ошол сүйүүчүлөр клубуна дагы мүчө болсун деп лицейге алып келгенбиз. Анткени, лицейде ветеринар группасында дагы база жок экен ошого дагы кичине жардам болсо деп алып келгенбиз. Окуучулар студенттер дагы ошол тоокту кандай багыш ыкмаларын үйрөнүшсүн деп, бир четинен ушул чаар тоогун жайылтуу негизинде алып келгенбиз.
Бул кыргыз чаар тоогу деген СССРдин энциклопедия катталган тоок. Муну сыймыктануу менен айтса болот. Анткени, Борбор Азияда кыргыздын эле тоогу катталган. Азыркы учурда Кыргызская серая курица деп Подмосковьеде катталган.
Бул тоокторду бергенден кийин жакшы ой менен бердим. Лицейдегилер ошону көбөйтүп, ушундан өзүнчө киреше таап санын көбөйтүп, ушул кыргыз чаар тоогун жоголуп кетпегенин негизинде көзөмөлдөп турам.»
Багылып жаткан кыргыз чаар тооктору
Талант Абдрасулов №15 кесиптик лицейде чарба иштери боюнча адис. Учурда чаар тоокторду багуу менен кошумча алектенип жатат.
«Бул кыргыз чаар тоокторду багууда Нарын облусунун климатына ылайыкташкан тоок болгондуктан кыйынчылыктар деле болгон жок
Тооктордун санын 300-400гө чейин жеткирип өзүнчө бир чоң фермердик чарбасын кылсамбы дегем жана бул тооктордун өзгөчөлүгү бир эки күн ачкачылыкка чыдай алат, түйшүгү азыраак болот.
Бул тооктор эт багытында дагы жумуртка багытында дагы болот.
Бул тооктордун пайдасы бир жылда эки жолу басышат. Биринчи басканын чоңойуп бир ай- бир жарым ай болгондо эле өздөрү бөлүп салышат да түйшүгү аз болот»,- деди Талант Абдрасулов.
«Лицейде бул кыргыз чаар тооктордон кырк тоок бар. Бул тоокторго жем берилет, суу берилет жана балапандарга керектүү витаминдер берилет. Кышка даярдыктар жакшы, кышкыга даярданып жылуулап жатабыз»,- дейт кесиптик лицейдеги ветеринар-оператор Жыпара Абдылдаева.
Марат уулу Адилет, Нурбек уулу Аманбек