Кочкор айылындагы «Сейил» паркында ар бир ишемби сайын мамлекеттик мекемелер, айыл тургундар жана жаштар тарабынан тазалоо,көрктөндүрүү иш-чараларды өткөрүлүдө. Бүгүн 9-апрель күнү ишембилик эстафетасы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебине өттү.

«Кочкор кайрымдуулук коомдук бирикмесинин» жетекчиси Эстен Тойтоев
Ишембиликтин демилгесин көтөрүп чыккандардын бири Кочкор айылынын тургуну жана «Кочкор кайрымдуулук коомдук бирикмесинин» жетекчиси Эстен Тойтоев иш-чара жөнүндө сөз кылды.
27-март күнү «Сейил» паркында башталган иш чарабыз ийгилүктүү уланууда, ишемби сайын кайдыгер карабаган Кочкор районунун тургундары,ар кандай коомдук уюмдар, жаштар өздөрүнүн чоң салымын кошууда. Кочкор айылындагы жайгашкан мекемелерге,мектептерге ишембиликти салтка айландыруу сунуштайт элем. Азыркы учурда мектеп арасында ишембилик эстафетасы башталды. Эң алгачкылардан Ишенаалы Арабаев мектеп гимназиясы тазалоо жана жашылдандырууну баштап беришти, эстафетаны Нинакан Жүндүбаева мектеп гимназия кабыл алып, бүгүн Капар Кыдыралиев мектеби ишембилик өткөрдү.




Ишембилик учуру
Сюита Түмөнбаева