Кыргыз-тажик чек араасындагы куралдуу кагылышуудан улам жабыркагандарга жер-жерлерде гуманитардык жардам чогултуу штабы уюшутрулуп иштеп жатат. Бүгүнкү күнгө каратат Баткен облусуна жалпы 824,6 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 131 тонна КР ӨКМ тарабынан, 528 тонна жардам жарандар тарабынан оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн. Учурда кампада 165 тонна гуманитардык жардам турат.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат. Бишкек шаарындагы Борбордук штабдын өкүлү ыктыярчы Арген Бакытов 5 күндөн бери күнү-түнү ыктыярчылардын тобу эмгектенип жатышканын билдирди. Элден келип түшкөн каражаттар азырынча жумшала элек болгону азык-түлүк, кийим -кечелер муктаждарга жеткирилип жатат:
“Кайдыгер карабаган жарандар келип колунан келген жардамдарын көрсөтүп жатышат. Штабга алып келген ар бир гуманитардык жардамдарды биз түндүк системасына каттайбыз. Кайсы жарандан кандай жардам келип түшкөнү катталат. Ошол жардамдарды таңгактап Баткенге жөнөтүп жатабыз. Баткенде дагы бир штаб бар аларга келип түшкөн суроо талаптын негизинде биз кайсы азык-түлүк же кийим-кечелерге муктаждык болуп жатса ошолорду жибергенге аракет кылабыз.”
Ыктыярчы Арген Бакытов ар бир жаран колунан келген жардамын аябай жатканына ыраазы. Аны менен катар мамлекет дагы ыктыярчыларга кам көрүп шарт түзүп жатат:
“Бизде күнү -түнү иштеп жатканыбызга байланыштуу мэрия тарабынан атайын унаалар уюштурулду. Кеч чыккан ыктыярчыларды үйлөрүнө жетирип жатат. Ар ким колунан келген жардамын көрсөтүп, учурда бизде унаасы бар ыктыярчылар дагы бекер ташып гуманитардык жардам бергиси келип бирок биздин пуктка алып келгенге шарты жокторго барып бизге жеткирип беришүүдө.”
Жарандык Идеялар Фондунун программдык ассистенти ыктыярчы Асель Аманова Баткенге жардам чогултуу боюнча республикалык штабга ыктыярчы болуп жаткандардын арасында студенттер дагы бар. Алар сабагынан суранып келип жардамдашып жатышат:
“Мен ыкчам байланыш тарабында ыктыярчылык кылып жатам. Бизге Баткенден жардам сурап чалышат, кандай жардам берсем болот деп чалгандар дагы бар. Ыктыярчылардын арасында мугалимдер, студенттер көп. Студенттер өлкөдө ушундай болуп жатса 1-2 күн сабакка барбай койсом эч нерсе болбойт деп суранып алып келип жардам кылышууда.”
Белгилей кетсем, жалпы Баткен облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3767 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан.
Айгерим Кубатбекова