Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналив атындагы инновациялык орто мектебинде 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө карата 11-класстардын окуучулары арасында «Зарница» аскердик-прикладдык оюну уюштурулду.
Ага акимдин орун басары Улан Жылтыров, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, райондук аскер комиссарынын орун басары Сардарбек Эсенбаев, Афган жана Баткен согушунун ардагерлери, аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалимдери, ата-энелер катышты.
Мектептин аскерге чейинки сабагынын мугалими Шаршенбек Мурзабековдун айтымында бул оюн жыл сайын салт катары өткөрүлөт. Анткени алар жогорку класста аскердик алгачкы даярдыктан өтүшөт. Ошонун жыйынтыгы катары оюнда окуучулар өздөрүнүн жетишкендиктерин көрсөтө алат.
Ал эми райондук билим берүү бөлумүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев «Окуучулар бул оюнга катышып эле тим болбостон аскер болуунун өзү кандай экенин, аскердик форманын жоопкерчилигин түшүнүп, патриоттук сезимдер калыптанат, ойгонот» деп айтып, окуучуларга ийгилик каалады.
Гүлжаз Капарбекова, Барчын Мамытбекова