Ковидке каршы вакцина даяр болору менен биздин өлкөдө дагы эмдөө жүрүп баштаган. Коллективдүү иммунитет пайда кылыш үчүн калктын жок дегенде 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек эле. Ал эми Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин мугалимдеринин дээрлик 90пайызы эмдөөдөн өтүшкөн.
Бул тууралуу маалыматты Ой-Терскен орто мектебинин директору Руслан Абдылдаев билдирди:
«Биздин мектепте жалпы 73 мугалим иштесе анын 63 мугалими вакцинанын 3-дозасын алышты. Техникалык кызматкерлер 25 болсо, 21 жумушчу эмдөөдөн өттү. Ал эми балдардын сабакка келүүсү туруктуу эле, окуучулардын 97 пайызы сабакка катышууда. Бардык санитардык-гигиеналык эрежелерди сактап, дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз».
Ал эми Ой-Терскен орто мектебинин мугалими Айзада Карымшакова вакцинаны жеңил өткөргөндүгүн билдирди:«Мен вакцинанын үч дозасын тең алдым. Ковидке каршы эмдөөнүү-коллективдүү иммунитет пайда кылууга көрүлгөн чара деп кабыл алдым. Негизи үч дозаны тең жеңил өткөрдүм деп айта алам, бирок жаңы алганда бир аз шайым кетип жатты. Эч кандай кыйыр таасирин тийгизген жок, ошентсе дагы ар ким организмине жараша кабыл алат экен.»
Асел Үркүнбаева