Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылы тоолордун так ортосунда жайгашкандыктан, туризмге эң ылайыктуу айыл болуп эсептелет. Ал айылда жашагандар да чет элдик туристтерге ар түрдүү каада-салтты көрсөтүп, ат менен тоолорго алып чыгып ишмердүүлүк кылышат. Бирок 2 жылдан бери коронавирус илдетине байланыштуу чет элдик туристтердин келиши дээрлик азайды.
Кызыл-Ой айылы туристтерди тейлеген бирден-бир тоолуу айыл болуп эсептелет. Кызыл-Ой айылындагы туристтик агенттиктин кординатору Артык Кулубаев ички туризмдин өнүгүүсү тууралуу буларга токтолду:
“Биз туризм багытында 2002-жылдан бери иштейбиз. Тоолуу айылдарды өнүктүрүү проектиси менен 2006-жылдан бери коомчулукка негизделген туризм ассоциациясына «CBT Kyrgyzstan» мүчө болуп киргенбиз. Азыркы учурда туризм багытында кабыл алган 17 конок үй бар. Андан тышкары 7 гид ат менен коштоочу кызматтар бар. Келген конокторду кезек менен алып тейлешет. Пандемия башталган 2020-жылы туристтер болгон жок. Бул биздин айылдагы туризм тармагында эмгектенген карапайым элге кыйла эле кыйынчылык жаратты. Анткени айылда жумушсуздук көп. Айыл эли өз ишмердүүлүктөрү менен эле алектенишет.
Ички туризмдин өнүгүшү айыл элине каражат табуу жактан жакшы мүмкүнчүлүк болду. Ал эми 2021-жылы 350 нүн тегерегинде турист келди. Мурункуга караганда кыйла эле аз болду. Мурунку жылдарда жылына 2000-3000дин тегерегинде туристтер келип турчу. Биздин Кызыл-Ой айылында тоолор туризмге ыңгайлуу тоолор болуп эсептелинет. Ошондуктан Кызыл-Ой айылы коомчулукка негизделген туризм тармагына кирет. Келген туристтерге ар кандай кыргыздын салттары, кол өнөрчүлүктөр көрсөтүлөт. Мисалы, боорсок шоу, камчы шоу, фольклор шоу жана башка ушул сыяктуу шоулар тартууланат. Анда биздин айылда улуттук тамак-аш жасоо, кол өнөрчүлүк, улуттук аспаптар менен ойноо, устачылык туурасында өнөрлөр көрсөтүлөт. Биздин максат келген туристтерди кызыктыруу жана кыргыздын маданиятын тааныштыруу болуп эсептелет».
Кызыл-Ой айылында пандемияга чейин туризм тармагы гүлдөп турган учуру болгон. Пандемия шарты туризм тармагында эмгектенген карапайым элге терс таасирин тийгизип келет. Кызыл –Ой айылынын тургуну конок үйдүн ээси Майрам Жамалиева:
“Биздин айылда туристтер менен иштеген көптөгөн конок үйлөр бар. Мен туризм тармагында 10 жылга жакын убакыттан бери алектенип келем. Алгачкы жолу айылга туристтер келе баштаганда үйлөргө кабыл алып баштаганбыз. Ал убакта азыркыдай шарттары бар үйлөр дээрлик жок болчу. Келген туристтерди кабыл алууда кыйынчылыктар болуп келген. Ал эми азыр бардык шарты бар үйлөрдө кабыл алып жатабыз. Туристтерди биздин өлкөнүн кооз жаратылышы, таза суусу, абасы, тоолору, таза нукура тамак-ашы кызыктырып келет. Туристтерди тосуунун эң пайдалуу жери бул, кошумча киреше табуу болгону менен, башка элдин маданиятын үйрөнүү дагы болду. Үй тиричилигинде кол менен жасаганыбызды көрсөтүүгө, ар кандай мастер класстарды уюштуруп, туристтерди кызыктырганга басым жасалат. Туристтерге улуттук тамак-аштарды жасап берип, кол өнөрчүлүк менен жасалган нерселерибизди сатабыз. Ал эми пандемия шартында туристтер дээрлик келбей калышты. Андыктан туризмдин деңгээли бир аз түшүп кетти”, -дейт ишкер айым.
Азиза Тамчиева