Күндүн суугуна жана спорт зал жоктугуна карабай Сокулук районундагы Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата “Кана эмесе балдар” деген эстафета өткөрдү. Бул эстафетага 6–7–8–9–10–11–класстардын окуучулары катышышты.
Мелдеш учурунда
Эстафета оюнунун программасы:
1.Стен газета чыгаруу
2.Турникке тартынуу
3.Турникке тартынып ала салуу
4.Кол күрөш
5.Таяк тартышуу
6.60 м чуркоо
7.Кап менен секирүү
8.Жаранды көтөрүп чуркоо
9.Эки топ менен эстафета
10.Сетканын астынан сойлоп өтүү
11.Чана менен сүйрөө
12.Аркан тартышуу
Калыстар тобу:
Окуу бөлүмүнүн башчысы: Джолчубекова Айдай.
Тарбия бөлүмүнүн башчысы: Үсөнкулова Нуржан
Ар бир окуучу өзүнүн спортко канчалык кызыгуусун жана спортко жакын экендигин далилдеп көрсөтүштү.
Кол күрөш учурунда
Таймаш эки топко бөлүп өткөрүлдү:
1–топто 6–7–класстын окуучулары жарышты.2–топто 8–9–10–11–класстар жарышышты. 6–7–класстар таймашында балдар аз болгондугуна байланыштуу кыздар да катышты. Кол күрөштөн жана таяк тартышууда жеңишке ээ болушту. Бул эки класс арасындагы таймашта 1–орун 7–класс, 2–орун 6–класс алышты,
8–9–10–11–класстар арасындагы таймашта
1-Орун
10–11–класс
2-Орун 9–класс
3-Орун 8–класс
Новое айылынын окуучулары
Аида Раджабова, Айдай Джолчубекова