22-февраль күнү Кочкор районунун Райондук Аскер комиссариатында «Ата Мекенди коргоо» күнүнө карата аскердик прикладдык спорт боюнча мектеп окуучулары арасында мелдеш болуп өттү.
Мелдеш Кочкор Билим Берүү спорттук техникалык коргонуу уюму тарабынан уюштурулду. Сынакка Кочкор айылынын борбордук мектептердин окуучулары жана №15 Тойгомбаев кесиптик лицейинин командасы катышышты. Кочкор райондук аскердик комиссариатына сыйлуу конок болуп Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Курбанбек Камчиев келип имараттын ички абалы менен таанышып кетти.
Жыйынтыгында, 3 этаптан турган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды: 1- орунду №15 Тойгомбаев атындагы кесиптик лицейи, 2- орунду Нинакан Жүндүбаева мектеп гимназиясы, 3- орунду Калыгул бай уулу орто мектеби жеңип алды.
Мелдеш тууралуу бул видеодон көрсөңүз болот:
Түмөнбаева Сюита
Максатбек кызы Азиза