22-февраль күнү Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинин экоактивист окуучулары башталгыч класстын окуучуларына «Экология жана мен» деген аталыштагы оюн-окутуу өткөрүштү.

Окутууну кичинекей бөбөктөрдөн баштадык
Окутууну мультимедиа борборунун ыктыярчылары, экоактивист окуучулар уюштурушту. Анда 2-класстын окуучулары катышып, экологияга байланыштуу алгачкы билимдерин ала алышты. Аталган мектептин мультимедиа борборунун лидери Жылдыз Бекбоо кызы биринчи жолу өз алдынча мындай иш-чараны уюштуруп жатышканын билдирди.
«Биздин борбордун түзүлгөнүнө 5 жыл болгон. Ал эми менин ыктыярчы болгонума 2 жылдан ашты, бул жылдар ичинде экологияга байланыштуу көптөгөн семинарларды өткөрүп келебиз. Бирок биз алгачкы жолу өзүбүз тренер болуп, өзүбүз программасын түзүп «Экология жана мен» деген аталыштагы оюн-окутууну өткөрдүк.

Окутуу учурунда
Окутуунун жүрүшүндө окуучуларга оюн түрүндө экологиялык көйгөйлөрдү түшүндүргөнгө аракет кылдык. Биздин оюбузча экологиялык маданиятка биз балдарды кичинекей кезинен баштап үйрөтүшүбүз керек. Биринчи экологиялык көйгөй тууралуу презентация жасап, таштандылардын түрлөрү менен тааныштырып, аларды кантип сорттоо керек экенин үйрөттүк. Балдар кызыгуу менен тапшырмаларды аткарып жатышты. Андан тышкары жандуу жаратылышты сүйүүгө үйрөтүү максатында, гүлдөрдү балдар менен чогуу отургуздук.

Балдарга экология жана жаратылыш боюнча китептер менен тааныштырдык, китептерди Таалим-Форум уюмунан белекке алганбыз

Балдар кызыгуу менен таштандыларды бөлүштүрүп жатышты

Оюндун жыйынтыгы

Гүл отургузуу учурунда




Биздин команда
Биз буга чейин сынактарды «Көөнөрбөс Мурас» коомдук уюму менен дагы ишке ашырып келгенбиз, буюрса дагы көптөгөн окуучулар арасында конкурстарды, иш-чараларды пландап жатабыз.»
Айтурган Токтобаева, Айназик Асылбек кызы, Канатова Элиза