KyWRAW тармагынын колдоосу менен «Элетайым» Коомдук Бирикмесинин төрайымы Мыскал Байгазиева «Харассментке каршымын! Жумуш үстүндөгү ыдык көрсөтүү-зомбулук!» аттуу семинар өткөрдү.
Бул семинар алгач Он-Арча айыл аймагынын жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө, андан соң Нарын педагогикалык колледжинин кызматкерлери, студенттерине жана Оттук айылынын тургундарына өткөрүлдү.

Он-Арча айыл аймагында өтүлгөн семинардын жүрүшү

Оттук айылындагы семинардын жүрүшү
«Аталган иш-чарага айылдын тургундары, жаштар уюму, аксакалдар соту, дыйкан чарба мүчөлөрү активдүү катышып, буга чейин харассмент жана зордук-зомбулук боюнча маалыматы жок экенин билдиришти. Аталган темада окуулардын болуп туруусун сунушташты.

Студенттерге да аталган семинар өз пайдасын тийгизе алды

Аталган семинар Оттук айылында китепканада айымдар үчүн өзүнчө өткөрүлдү
Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотуу харессментке каршымын, ачыктайм, коркпойм, тийишпе деп өзүлөрүн коргогудай мыйзам кабыл алынса, кыз-келиндерге ыдык көрсөтүү азаят деген ойлорду айта алышты. Иш чара кызуу талкуу менен өтүп, катышуучулар харассментти жоюу демилгелерин колдоорун билгизишти.
Мындан сырткары, балдарды телефондордон алыстатуу, китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында айыл ичинде «Чоң энемдин жомогу», «Атам, апам жана мен» ж.б. сынактарды өткөрүү боюнча да сүйлөшүүлөр болду»,-дейт Мыскал Байгазиева.
Эркеайым Замирбек кызы