Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебине Билим Берүү Министрлигинен Кытай Эл Республикасынын элчилигинин колдоосу менен окуу эмеректер тапшырылды.
Жалпы 137миң сомго эмерек алынганын аталган мектептин директору Руслан Абдылдаев айтты.

Руслан Абдылдаев Билим Берүү Министрлигинде эмеректерге сертификат алуу учурунда
«Билим берүү министрлигинен жалпы 15 мектепке окуу эмеректери берилди. Анын ичинде биздин мектеп дагы кирген. Жалпысынан эки башталгыч класстын кабинетин толугу менен жаңыладык. Ар бир класска бирден доска, бирден шкаф, 12 парта, 24 отургуч, мугалимдин столу, отургучу менен алынды.



Жалпы эки башталгыч класстын кабинетин жаңыладык
Биз мындан 2 жыл мурун жогорку класстардын окуу эмеректерин толугу менен алмаштырганбыз. Эми мына башталгыч класстарды жаңылап баштадык. Андан тышкары биздин мектеп Азия Өнүктүрүү Банкы инновациялык деп тандап алган 15 мектептердин бири катары иш алып бара баштайбыз. Буюрса дагы көп иштерди жасайбыз деп турабыз.»
Асел Үркүнбаева