Кочкор районундагы Кара-Тоо айылынын №15 кесиптик лицейинде 23-февраль «Мекенди коргоо» күнүнө карата мугалим, устат жана окуучулар арасында футбол оюну боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Мелдеш окуучулар арасында достукту, ынтымакты чыңдоо максатында спорттун массалык календарлык пландын негизинде өткөрүлүп, 6 команда катышты.
Жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышты
Оюн учуру
Андан тышкары, Нарын шаарындагы Спорттук техникалык коргонуу уюму тарабынан, курсанттар арасындагы биринчиликте өткөрүлдү. Аталган таймашта Кочкор районунан барган Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейдин курсанттары мелдеште 2-орунга ээ болушуп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр диплом жана медалдар менен сыйланышты.
Сыйлыктарды тапшыруу аземи
Акбермет Төрөкулова