Терек-Суу айылында эн орчундуу маселелердин бири жаш үй бүлөлөргө турак-жай салганга жер жетишпей келет.Ушул маселенин айынан бир үйдо 3-4 үй-бүлө чогуу жашаганга мажбур болушууда. Көп балалуу Нурчакан апа да балдары үчүн жер тилкесин ала албай келет.
Нурчакан апа:
-«Айыл өкмөтүнөн жер сурагам, менин жети балам бар. Жети баламдын үчөөнө сураганбыз, айыл өкмөтүнө арыз жаз деген экен, арыз жазып таштаган элек, ошондон бери жердин жыйынтыгы боло элек. Балдарым бир үйдо жашап жатышат».
-Балдарыңыз үйлөнгөнбү?
-«Балдарымдын үчөө тең үйлөнгөн. Анан ошо үйдө эле болуп жатышат анан каяка барышмак эле жер болбогондон кийин, салынган үйү болбосо, шаарга деле кетишкен жок»
Ушул үйдө жашап жаткан Күмүш эже, Нурчакан апанын улуу келини. Ал өзүнөн кичүү эки абысыны менен беш жылдан бери бир короодо жашап келет:
-«Жалпысынан бир үйдө 13-14 адам жашайбыз. Менин 3 балам бар, андан кийинки кайнимдин 2 кызы бар, андан кийинкисинин 1 баласы бар. Дагы кайненем-кайнатам бар, кайним бар ошо менен 13-14 адам жашайбыз бир үйдө».
-Сиз үчүн абысындар менен жашоо оорчулук туудурбайбы?
-«Ооба, ар кандай болот. Кээде бири-бирибиздин кылганыбызды бирибиз жактырбай калышыбыз мүмкүн, бирибиздин кыялыбыз бирибизге жакпай калат, балдарыбыз уруша кетет. Бир үйдө 13-14 адам жашаш аябай эле кыйынчылык туудурат»,-дейт Күмүш эже.
Терек-Суу айылындагы жер адиси Жолоков Турсунаалы Жолоковичтен турак-жай үчүн жер жетишсиз болгондугунун себебин сураганыбызда айыл өкмөтүндө трансформациядан чыга элек 93 гектар жер бар экендигин жана 283 атуул кезекте тургандыгын айтты. Өкмөт трансформация боюнча мыйзам иштеп чыкса, бул көйгөй чечилет деди.
Даярдаган: Женишбекова Раушан