Терек-суу айылында жумуш жоктугуна байланыштуу жаштар чет мамилекетке эмгек мигранты болуп чыгып кетишкен. Алардын көбү Орусия мамлекетинде эмгектенишет. Чет мамлекетке чыгып кеткен жаштардын саны туралуу Терек-суу айылынын статист экономисти Солпиева Айтолкун өзүнүн интервьюсунда жаштардын көпчүлүгү эмгек мигранты болуп жүрөт деп билдирди.
Кээ бир үй-бүлөлүү жаштар балдарын ата-энесине калтырып кетүүгө мажбур болуп жатышат. Неберелерди тарбиялап жаткан 40 жаштагы Терек-суу айылынын тургуну Когурбаева Элиза эженин баласы жумушсуздуктан Россия жергесинде курулуш жаатында иштеп жаткандыгын айтып берди.
Россия жергесинде эмгектенип келген Тимурлан ал жакта документ даярдоодо, жумуш табууда жана айлык-акысын алууда болгон кыйынчылыктарын айтып берди.
Ал эми жаштар арасында жумушсуздукту жоюу боюнча Кетмен-Добо айыл аймагынын жаштар комитетинин төрагасы, жаштар иштери жана спорт боюнча адиси Мырсырайымов Нурбек Койчумановичке кайрылганыбызда:
«Биз майрамдар сайын жаштар арасында спорттук оюндарды өткөрүп, жазгы убакта колунда жок жаш үй-бүлөлөргө айдоо жерге арендасын арзандатып беребиз», — деди ал.
Айылыбыздагы жаштар өз ишмердүүлүгү менен дыйканчылык, мал-чарбачылык жана чакан бизнес менен алектенсе боло тургандыгын дагы бир жолу айта кетели.
Даярдаган: Айгерим Анаркулова