Айылдын Түндүк тарабында мурда иштетилип, бирок бүгүнкү күндө пайдаланылбай турган бассейн жайкысын элдер сууга түшүүчү бассейн жана кышкысын муз тебүүчү жай катары кайрадан жасалууда.
Келечекте жашоочулардын эс алуучу жайына айлануучу бул бассейн туралуу Баетов айыл аймагынын жооптуу катчысы Айзада Жумакдыровна буларга токтолду.
«Айылдын четиндеги бассейнди кайра куруп жатканыбыздын себеби бул көптөн бери ишке киргизилбей калган жерди оңдоп түздөп, жаштарды бош учурларында ден соолуктарын чыңдоо, спортко кызыктыруу. Бир чети бул айылга дагы эң керектүү».
-Кайра курулуп жаткан бассейндин демилгечиси ким?
«Бул кайра ишке киргизе турган бассейндин демилгечиси айыл өкмөтү бассейндин кайра курулушуна кеткен чыгымдары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп жатат, бүгүнкү күнгө чейин оңдоп түздөө иштеринин көбүнчөсү бүтүп калды».
-Бассейнди кайра куруулушун ким каржылайт?
«Кайра курууну жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп жатат акча каражаты бүгүнкү күнгө 137000 (жүз отуз жети миң )сом бөлүндү».
-Бассейн курулуп бүткөндөн кийин ким иштетет?
«Курулуп жаткан бассейн бүткөндөн кийин тиешелүү документтер менен толуктап мунципиалдык менчике алып, анан иш алып барсак деген ой бар».
Кароосуз калган бассейндин кайра куруудагы кыйынчылыктар жөнүндө куруучулардын бригадири Насипбек Жеңишбекович айтып берди.
«Бассейнди курууда материалдар жетишпей жатат. Мекемелерден чыгарып, көп кишилер келип жатат, карыганы келет айла жок, аларды иштетип жатабыз, ошондо гана кичине кыйынчылыктар пайда болуп жатат».
-Кайра курулуп жаткан бассейндин аянты канча?
«Бул курулуп жаткан бассейн кичирейтилип курулду, эски бассейн болчу туурасы 32(отуз эки) метр узуну 20(жыйырма) метр. Ашар жолунда курулуп жатат».
-Качан ишке берилет?
«Буюрса аз калды он күндө ишке берилет».
Бул айылда болуп жаткан жетишкендикке айыл жаштары кубанычтарын жашырган жок.
«Бизге бассейндин курулуп жатканы абдан кубандырат, анткени жайкысын БСРге барчубуз. Ага караганда бассейнге түшүп алсак абдан жакшы, кышкысын каток (муз тебүүчү аянт) болот экен, ал да бизди кубандырат. Жайкысын эки бөлүктөн болгондугу да бизди кубандырып жатат, жайкысын бир жагы бассейн, бир жагы ролик тебүүчү аянт болот экен. Бизге жаштарга жакты».
Жаңы курулуп жаткан бассейн айыл тургундарынын бош убактысын туура пайдаланууга жана ден соолугун чыңдоого салым кошот деген ишенимдебиз.
Даярдаган: Дөөлөтбеков Азамат, Айбекова Айзада