А.Кенкөзов атындагы орто мектепте эртең мененкисин окуучулар физкультура жана кара жорго бийин бийлешүүдө.
«Күндө эртең менен саат сегизге 15 мүнөт калганда окуучулар 5 мүнөт физкультура , 5 мүнөт кара жорго бийин бийлеп жатышат. «Мындай сунуш дене тарбия ГОС агенттиги тарабынан киргизилген,»—дейт дене тарбия мугалими Нурлан Молдогазиев.
Мектептин спорт сектору Дастан Оңолбековдун айтымында: -«Эртең менен физкультура жасатканы абдан жакшы болду. Анткени көнүгүүлөрдү жасагандан кийин өзүбүздү жеңил сезип, сабактарга да активдүү катышып жатабыз».
«Бизде бий кружогу жок. Бирок, биз күндө бийлеп жатып кара жорго бийин дагы жакшы өздөштүрүп кетебиз деген ойдомун»,—дейт 7—классынын окуучусу Гүлдана Нурланова.
Даярдагандар: Гүлжан Нуркасым кызы, Калыгул Максат уулу, Таштанбеков Жеңиш