Тасма айылында быйыл оруп жыйуу учурунда техникалардын кызматынын акысы өсүп кетти.
Бул тууралуу айыл тургуну Тайлакова Майраш мындай дейт:
— Техника кызматын колдонгондо баалар сизди канаттандырдыбы?
“ Жок эгин начар чыккандыктан канаатандырган жок”.
-Бул жөнүндө кимдир бирөөгө кайрылдыныздарбы?
“Кайрылган жокпуз, кайрылганда деле комбайндар менчик болгондуктан эч кимге кайрыла алган жокпуз. Сураган баасын бердик. 2 гектар буудай сепкенбиз, жазында айдап сээп, малалап ошонун баарын акысын бергенден кийин алган түшүмүбүз чыгымдарды актаган жок”.
Эмне себептен техника кызматы жогору болгондугун билүү үчүн комбайнчы Бекболотов Сабырга кайрылдык:
“Кымбат деле эмес жылдагыдай эле деп ойлойм. Түшүм аз болгон үчүн кымбат көрүнүп калды элге.
-Комбайндын баасын түшүргүлө деп чогулуш өткөргөн күндөр болдубу?
“ Андай болгон жок”.
Бул көйгөйдү чечүүгө айылдык кенештин алып барган иши жөнүндө Тасма айылдык кенешинин депутаты Молдобаев Эркинбай жооп берди:
“ Азырынча эч кандай чара колдонула элек . Бирок менин билишимче оруп-жыйуу толук бүткөндөн кийин бул боюнча атайын сессияда каралат . Тиешелүү чара колдонобуз 800 сомдон ашырып 1000 сом деп атпайбы мына ошолор боюнча каралат”.
-Буга чейин чогулуш өткөрдүнүздөрбү?
“Оруп жыйуу боюнча болгон 800 сомдон деп коюлган” .
-Бул боюнча дыйкандар макул болушкан да?
“ Механизаторлор макул болгондой болгон. Бирок азыркы учурда алар учуруна келгенде танып кетип атат. Техниканын жетишсиздиги. Мисалы, техника бизде көп болсо учурдун талабына жараша бааны да ошого жараша коймок”.
Айылдык кенештин депутаты айткандай, техниканын саны көбойсө техниканын кызматы үчүн баалар төмөндөйт деген үмүттөбүз.
Даярдаган: Амантурова Айдай, Сапарбек уулу Сыймык