Айылда күндөн күнгө көбөйгөн таштандылар ар кандай ооруларды алып келээрин дарыгерлер айтышат. Бул айылдын тургундары таштандыларды өздөру чыгарып, тазалашт. атайын таштанды чыгаруучу машиналар жана ишкана жок.
Жаныш көчөсүнүн жашоочусу Адылбаева Эделвеис: «Көп жылдан бери бул жерге таштандылар ташталат. Бизге зыяны абдан чоң, анткени иттин, койдун өлүктөрүн жатат, полиэтилен ьаштыкчалары эшигибиздин алдына толуп калат. Жолдошум Улан биздин көчөнүн көчө комитетинде иштейт, айыл тургундарынан таштанды чыгаруу үчүн 100 сомдон чогултушат. Ошону дагы беришпейт. Ошондуктан өз чөнтөктөрүнөн акча чыгарып, айыл өкмөттөн бир аз каражат бөлдүрүп, таштандыны чыгарышкан. 15 жылдан бери эки жолу тазаланды».
Ал эми Коён көчөсүнүн сайы дагы таштандыдан тазаланбайт. Ал эми жердин ээси Чотоев Жайлообек: «3, 4 ай сайын тазалап тажадым, элден суранат элем таштанды төкпөсүн. Ал жаер таштанды сайы эмес», — деп Коён көчөсүнүн тургундарына да суранычын айта кетти.
Элдин нааразычылыгына жооп алуу учун айыл башчы Тилек Назарбековго кайрылдык. «Былтыркы жылдары айыл өкмөттөн атайын акча каралып, бирден машина жалдап көчө кыдырып чыгарганбыз. Ал эми азыр болсо бул иш токтоп турат, себеби акча каражат бөлүнгөн эмес. Жакында эле болгон Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгында мен Коён көчөсүн сүздүрүп бергем, анткени атайы акча берилген. 2015-жылы бюджетке каралып кала турган болсо, бул маселе чечилет» деди Тилек Назаров