21-кылым компьютер интернеттердин кылымы деп бекеринен айтылбаса керек. Азыркы учурдагы окуучулардын убактысы көбүнчө телефон, компютерлерге кетээри белгилүү. Телефон, компютерлердин ичинен 90% интернет-сайтка кирүү үчүн колдонушат. Интернеттен оюн ойнош үчүн, сүрөт, ыр жана видео жүктөшүп, ал эле эмес кээ бир сайттарга кирүү үчүн, колдонуучу өзүнүн профиль ачуусу керек болот. Ачкандан кийин өзү каалагандай досторун кошуп, сүрөт менен видео киргизишип жана кат жазышууга мүмкүнчүлүк болуп жаштардын көңүл ачуусу 70% түзөт. Ал эми 30% пайдалуу жагы интернеттен таппаган маалыматты таап, билип алуу оңой. Окуучулардын тапшырма аткаруусу дагы акындардын чыгармаларын жана ырларын, маалыматтарды интернеттен табуу, оңой жолго көнүшүп, китептердин каралбай калганы тушунуктуу.
30-жылдан бери китепканада иштеп келген Акылай Мейманова: «Окурмандар көп, бирок алардын арасында окуучулар аз, анткени алар интернетти колдонушат. Китептен атайын издешип окушса, кичине болсо да эсинде калат беле» деген оюн билдирди.
«Азыркы замандын талабына карата интернеттен көбүнчө карашат, интернетте кыскача маалымат берилет, ал эми китептен болсо кеңири маалымат алышат. Интернеттен көзү менен көрүп окушат, бирок тез эле унутушат. Азыркы жаңы ачылган электрондук китепканага мектеп окуучулары интернеттен окушуп маалымат алып жатышат, ал эми улуу муундун адамдары китептен эле алышат».
Окуучулардын билими жөнүндө cөзболгондуктан албетте, биз окуучуларга да кайрылбай койбойбуз. 11-класстын окуучусу жана жалпы мектептин президенти Аскер Чотоев менен премьер министри Апас Кокумов аттуу окуучулар менен маек курдук.
«Интернетке көп деле отурбайм, чет өлкөдөгү досторум менен баарлашканда, whatsApp, Одноклассники деген сайттарга кирип сүйлөшөм. Негизи интернеттен кызыктуу нерселерди көп тапсаң болот. Сабагыма терс таасирин тийгизбейт, ар бир нерсенин өз убактысы болот мен сабактан чыгып үйгө барып жумуштарым бүтүп анан кирем. Тапшырмаларды дагы интернеттен кароого туура келет». «Интернеттен өзүбүзгө керектүү нерселерди, билбей калган сабактарды да карайм, кечинде досторубуз менен сүйлөшүп алыста жүргөн классташтарыбыз менен сүйлөшүп турганга да керек», деди Аскер Чотоев.
«Интернетке күнүнө аз убакыт эле кетирем, өзүмдүн иштеримди бүтүруп отурам, сабагыма терс таасирин деле тийгизбейт, кээ бир нерселерди интернеттен издөөгө да туура келет. Интернеттен өзүм кызыккан нерселерди карайм жана досторум менен сүйлөшөм», деди 10-класстын окуучусу Кумарбек кызы Мырзайым.
Окуучулардын билими жөнүндө жооп алуу үчүн мектептин директору Момункулов Усөн агайга кайрылганбыз. «Билим көтөрүлүүдө, себеби, телефон, компьютерлерден пайдалуу маалыматтар бар» деген жооп алдык.
Билимге кызыктыруу үчүн үйдө ата-энелер кам көрүшү керек. Анткени, окуучулар азыраак эле убакытта болот, ошондуктан мугалим берген тапшырманы үйдөн көзөмөлдөө керек, аткаралбай жатса жардам берүү керек. Ал эми жаңы заманбап технологияларды үйрөнүү керек, мобилдик телефондор, компьютерди өздөштүрүү зарыл, ошондо гана окуучулардын билимге кызыгуусу артат.
Чөнтөк телефондорду пайдалануунун эрежесин билиш керек, сабак учурунда телефондорду тыюу салынат.
Даярдаган: Каленбаева Санавар